www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германияда үч диндин сыйынуучу жайларын бириктирүүнү максат кылган "House of One” (Бир үй) долбоору жер ээсинин баш тартуусунун натыйжасында токтотулду.

Германиянын борбор шаары Берлинде үч диндин сыйынуучу жайларын бириктирүүнү максат кылган "House of One” (Бир үй) долбоору жер ээсинин FETОнун да бул долбоордо катышкандыгын билгенден кийин баш тарткандыгы үчүн токтоду.

Пэтри аянтында курулуусу пландаштырылган долбоор жер ээсинин баш тартуусуна байланыштуу белгисиз мөөнөткө калтырылгандыгы айтылды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жарыялаган маалыматка караганда жер ээси берлиндик ишкер Кэтрин Дуссманн долбоордон  баш тартуусунун себеби катары бул долбоорго FETОдон башка мусулман өкүлдөрүнүн катышпагандыгын жана Гүлен тобунун Түркияда 15-июлдагы бийлике каршы чыгууну уюштурууга күнөөлүү деп айыпталгандыгын көрсөттү.

Дуссманн: “Диндер ортосундагы диалогду жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн ордуна жаңы чыр чатак жарата турган долбоорго колдоо көрсөтө албайм” - деди.

Берлинер Цайтунгда жарыяланган маалыматта Дуссман Берлиндин диалогго муктаждыгы бар экендиги үчүн алгач долбоорго макул болгондугун, бирок башка мусулман жамааттардын жана диний топтордун долбоорго колдоо көрсөтпөгөндүгүн, жалгыз эле Гүлен тобунун катышуусу шектенүүнү жараткандыгын айтты.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости