www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматтуу кыргыз эли!
Кагылайын уул-кыздарыбыз!
Эзелтеден элибиз энелерди урматтап, алардын айткан кебин жерге таштабай келген. Себеби, Эне – бул мээримдүүлүктүн символу эмеспи. Уул-кыздары үчүн эненин жүрөгү ар дайым мээримин төгүп турат. Эл-жерибизде тынчтык болсун, бакубатчылык, бардарчылык, токчулук, молчулук болсун деп тилейт Эне жүрөгү. Эне жүрөгү көптөгөн нерселерди алдын-ала туя алат. Сезгич келет. Ошондон улам биз жалпы Кыргызстандын энелеринин атынан келечек ээлери болгон уул-кыздарыбызга, жалпы эле мекендештерибизге кайрылуу жасоону чечтик.
Биз өз алдынча көзкарандысыз өлкө болгонубуздан бери 28 жыл болуп баратат. Бул убакыт аралыгында элибиздин, мамлекетибиздин башына өтө көп сыноолор түштү. Жараткан Кудайдын амири менен ошол сыноолордо сынбай, чачырап кетпей мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калдык. Биз ага миң мертебе Кудайга шүгүр кылышыбыз керек.
2002-жылдын 17-мартында Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине нааразы болуп чыккан аксылык мекендештерибизге Аскар Акаевдин бийлиги ок чыгарган. Ошондо алты бала шейит кетти эле. Мындай мерездик, каргашалуу окуя 2005-жылдагы март революциясынын болушуна негизги себеп болгон.
2010-жылдын 7-апрелинде Курманбек Бакиевдин бийлигинен 90 бала мерт кетти. Ошол эле жылы эл бузарлардын айынан каргашалуу июнь окуясы болуп өттү. Анда да бейкүнөө жүздөгөн мекендештер шейит кетти.
Бул окуялар Кыргызстан үчүн өтө чоң сыноолор болгонун жашыра албайбыз. Мындай каргашалуу окуялардан пайдаланып, мамлекеттүүлүгүбүзгө доо кетирүүнү көздөгөндөр да болду. Ал окуяларда балдарын жоготкон энелердин көз жашы али кургай элек. Жакындарын жоготуп, көз жашка муунган жарандарыбыздын жарааттары толук айыга элек.
Эми мындан ары мындай каргашалуу окуялардын кайталанышына жол бербешибиз керек. Айрым бузуку саясатчылардын, сепаратисттердин артынан ээрчип кетүүнүн жыйынтыгы кандай болорун көрдүк. Мындай окуялардан бийлик да сабак алып, үй-бүлөлүк, авторитардык башкаруулар түп-орду менен жоюлду.
Тилекке каршы, мына ушул окуяларды дагы деле өздөрүнүн саясий кызыкчылыгына пайдаланууну көздөгөндөр болуп жатат. Мисалы, 17-мартта экс-президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясынын 17 жылдыгын шылтоолоп, «Форумдун» алдында митинг өткөрөм деп атыптыр. Аксы окуясын шылтоолоп ал митингде бийликке каршы ар кандай сөздөрдү сүйлөөнү пландап жатышат деп да угуп жатабыз.
Бизге мындай саясий оюндардын кереги жок! Ал кайгылуу окуяда курман болгон балдардын арбактарын тынч жаткыргыла. Аларга арнап куран багыштап гана туруу керек. Эми андай окуялар кайталанбасын деп тилейли. Андыктан бул окуяларды саясий кызыкчылыгына пайдаланууну көздөп жаткандарды эл да баамдап, алардын артынан ээрчибеши керек. Алданбайлы! Бизге тынчтыкта, стабилдүүлүктө өнүгүү жолунда бараткан өлкө керек.
Булак: Nazarnews.kg