www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британиянын ханзаада Гарринин падышалык үй-бүлөсүнүн расмий сайтында наамы алынып салынганын GBN шейшемби күнү билдирди.
"Улуу Даражалуу ханзаада Гарринин наамы королдук үй-бүлөнүн сайтынан үч жылдан кийин алынып салынды", - деп айтылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, сайттын королдук үй-бүлөгө арналган бөлүмүндө ханзаада Гарринин сүрөтү төмөн жагында, падышалык үй-бүлө мүчөлөрүнүн тизмесинин дээрлик эң аягында жайгаштырылганы кошумчаланат.
Эске салсак, 2020-жылы ханзаада Гарри жана анын жубайы Меган Маркл статусу боюнча финансылык артыкчылыктарынан баш тартып, өз алдынча акча табууну жана убактысын Улуу Британия менен Түндүк Американын ортосунда бөлүштүрүүнү каалашарын жарыялашкан. Андан көп өтпөй Букингем сарайы ушул жаздан тарта ханзаада жана анын аялы падышалык милдеттерин туруктуу түрдө аткарууну токтоторун жана мындан ары "Алардын Королдук Улуу Даражалары" деп аталбай турганын жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg