www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында баңгизатты мыйзамсыз даярдоого шектелген жаранды кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 7-августта болжол менен саат 21:12 чамасында Жалал-Абад ОИИБинин маалыматтарды каттоо журналына катталган материал боюнча тергөө тапшырмасынын алкагында, Сузак районунун тургуну 1974-жылы туулган А.Н. карата ыкчам-иликтөө амалдарын жүргүзүлө баштаган. Бул жаран бир ай мурда Бишкек шаарына көчүп кеткендиктен, аны тергөөгө камсыз кылуу тапшырмасы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына берилген.

Жогорудагы жаран жашаган үйүнүн жанында өзүнүн жүрүм-турумун шектүү катары алып жүргөндүктөн, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери “102” кызматы аркылуу Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин ыкчам тергөө тобун тинтүү иштерин жүргүзгөнгө чакырган.

7-августта аталган факты Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына  катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. 

Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин ыкчам тергөө тобу чыгышып, А.Н. аттуу жарандан тинтүү убагында чолок шымынын оң чөнтөгүнөн ак кагазга оролгон кочкул жашыл түстөгү кара куурай жытына окшош заты алынган.  

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен 8-августта Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүмүндө (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

8-августта Бишкек шаарында жашаган үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, үйдүн эс алуу бөлмөсүнүн эмерегинин астында 1 даана ширенкенин кутучасы чыккан. Анын ичинде кочкул жашыл түстөгү кара куурай жытына окшош заттар бар экендиги аныкталган. 

Алынган заттар экспертизага жөнүтүлүп, ал заттар “каннабис чайыры” баңгизаты экени аныкталган. 

8-августунда Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде жаран А.Н. кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда, кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости