www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы жылдары АКШ Украинага жардам берүү шылтоосу менен Кара деңиздин жээгинде өзүнүн аскер-деңиз базаларын курду. Бул тууралуу Херсон облусунун аскердик-жарандык администрациясынын башчысынын орун басары Кирилл Стремоусов билдиргенин РИА Новости жазды.

"Америкалыктар чындыгында Украинага жардам беребиз деген шылтоо менен Кара деңиздин жээгинде борборлорду жана аскер-деңиз базаларын түзүп, модернизациялашты. Алардын арасында Днепр-Буг куймасынын чыга беришинде жайгашкан Биринчи Май аралындагы база бар. Кара деңизди жана Николаев облусунун Очаков шаарын дагы эле украиналык фашисттер аткылап жатышат", — деди Стремоусов.

Анын айтымында, атайын операциянын өткөрүлүшү АКШнын Кара деңизде бекем орноп калган бийлигине чекит коёт.

Орусия Украинада аскердик операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан бейбаштыкка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган.

Атайын операция учурунда Орусия аскерлери Украинанын түштүгүндөгү Херсон облусун жана Запорожье облусунун Азов бөлүгүн көзөмөлгө алды. Аймактарда жарандык-аскердик башкармалыктар түзүлүп, россиялык телеканалдар жана радиостанциялар эфирге чыга баштады. Крым менен соода байланыштары калыбына келүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости