www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япония Кыргызстандан адистерди тартууга кызыкдар. Бул тууралуу КР эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев министрликтин Япониянын "кесиптик бирлиги" менен И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы япон таануу институтунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюу учурунда билдирди.

"Президент тарабынан биздин министрликке – Кыргызстандан сырткары иштеп жаткан кыргызстандыктардын укуктарын коргоону камсыз кылуу милдети коюлган. Буга миграциялык каттамдарды тартипке салуу, эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу кирет. Ошондуктан министрлик биздин жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруунун үстүндө иштеп жатат, ал социалдык пакетке татыктуу эмгек акы алууга кепилдик берет.

Бүгүн биз жарандарды Улуу Британия, Түштүк Кореяга жумушка жөнөтүп жатабыз. Бул бүт тизме эмес. Мындан ары биз жарандарыбыз кетип жаткан өлкөлөрдү диверсификациялоо менен бул багыттагы ишти жаңы деңгээлге чыгарууга ниеттенебиз", - деди Базарбаев.

Ал белгилегендей, министрликтин линиясы боюнча эмгек миграциясына кетип жаткандар ошол өлкөнүн тилин билиши керек, ал өлкөнүн мыйзамдары жаатында билимге ээ болушу керек, эмгек акыга кетип жатканда мамлекет тарабынан корголушу керек.

Кыргызстандын жарандарын Японияга жумушка орноштуруу жөнүндө кол коюлган келишимдин алкагында биринчи жарандар ушул жылдын аягына чейин жумушка кетишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости