www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Японияда коронавирустун жаңы штаммы аныкталды

Японияда коронавирустун жаңы штаммы аныкталды. Бул туралуу РИА Новости жазды.

Япониянын Улуттук инфекциялык институтунун маалыматы боюнча, COVID-19дун мутацияланып кетиши учурдагы вакциналардын натыйжалуулугун төмөндөтүшү мүмкүн. Ошондой эле вирустун бул түрү бат тараган касиетке ээ экендиги божомолдонууда.

Япониянын өкмөтүнүн башкы катчысы Кацунобу Като коронавирустун жаңы штаммы 93 кишиден аныкталганын билдирди. Эки бейтаптан оору өлкөгө учуп келгенде, калганы Канто аймагында аныкталган.

Белгилей кетсек, Японияда пандемия башталгандан бери коронавирусту 424 миң киши жуктурду, анын 7 370и оорудан көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости