www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден Путинди эмнеге айыптап жатат?

АКШ президенти Джо Байден Россиянын союздаштары менен АКШнын трансатлантикалык өнөктөштүгүн "бузууга" аракет кылып жатат деп билдирди.

Американын мамлекет башчысы Москва болжол менен "Европалык долбоорду жана НАТО союзун алсыраткысы келип жатат" жана "трансатлантикалык биримдикти жана биздин чечкиндүүлүгүбүздү бузгусу келет", - деди.

Ак үйдүн башчысынын айтымында, Россия үчүн бирдиктүү жана күчтүү трансатлантикалык альянс менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө караганда, айрым өлкөлөрдү коркутуу кыйла жеңилирээк, ошондуктан, Байден Украинанын эгемендигин коргоо зарылдыгын өзүнчө баса белгиледи.

Байден ошондой эле, Россия менен мамилелердеги кыйынчылыктар Кытай менен болгон мамилелерден айырмаланып тураарын, бирок "алар ошондой эле реалдуу экендигин" белгиледи. Бирок, ушул эки учурда тең Вашингтон "чыр-чатакты каалабайт.

Биз зордук-зомбулук жана кийлигишүү коркунучу жок, бардык өлкөлөр өз алдынча өз жолун тандай турган келечекти каалайбыз, Кансыз согуш блокторунун тирешүүсүнө кайтпашыбыз керек, атаандашуу баарыбызды кызыктырган маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү четке какпашы керек", - деп билдирди АКШнын президенти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости