www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Жамбыл облусунун Сарысу районундагы Жанатас шаарындагы батирден өрт чыкты. Үйдө 1 жаштан 6 жашка чейинки 2 эркек бала жана 3 кыз болгон, алардын бардыгы каза болушкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Окуя саат 15:15те 5 кабаттуу үйдүн 3-кабатындагы 16 чарчы метр аянттагы батирде болгон. Үй буюмдары жана эмеректер күйүп кеткен.

Батирде ата-энесинин көзөмөлүсүз калган 2015, 2016, 2017, 2019 жана 2020-жылы туулган  жашы жете элек балдар болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, атасы жумушка, апасы дүкөнгө кеткен. Өрттүн кесепетинен баардык жашы жете элек балдар ууланып, ооруканага жаткырылган. Бирок бир аз убакыттан кийин баардыгы каза болушкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости