www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүңдү баалаганды үйрөн!

Өзүнө-өзү ишенүү, өзүн-өзү баалай билуу – ийгиликтин сыры!

– ЖЕНИШ ТОБОКЕЛЧИЛИКТИН АРТЫНДА: оюндан жеңишке жетишүү үчүн, ошол оюнду ойноп келиш керек. Алдыга койгон максатка жетишүү үчүн тобокелчилик жардамга келет. Муну менен сен коркпостон, өзүнө ишенүүнү үйрөнөсүң.

ЭЧ КИМГЕ АКТАНБА: эч качан актанба. Туура эмес кылган нерсенди ката экенин биринчи өзүң моюнуна ал, анан башкаларга жөн эле түшүндүрүп кой. Кечке эле кайталай бербе.

ӨЗҮҢДҮ МАКТАГАНГА КӨН: бааңды түшүрүп, “мен толуп кеттим”, “боюм кыска” – деген өңдүү сөздөрдү кайталай бербөө керек. Бул сенин бааңды гана түшүрөт, андан көрө артыкчылыктарынды көбүрөөк айт. Бул мактантанчаактык эмес, өзүңдү баалай билгениң.

ЖАНЫНДАГЫЛАРДЫН КОНУЛУН АЛ: мүмкүнчүлүгүндү жараша колдон келген жардамыңды элден аяаба!

– “КАН СОРГУЧТАРДАН” АРЫЛ: пайдасы жок достордон арыл. “Сен мени карабай калдың”, “мага жардам бербейсиң”, “эми сага жетиш кыйын да” – деген өңдүү сөздөрдү айткан дос, чыныгы дос эмес. Булар сенин нервиңди алып, негатив алып келет.

ЖАЛКООЛУК МЕНЕН КҮРӨШ: жалкоолук – бул алсыздыктын белгиси, муну менен дайыма күрөш!

ЖАШООГО БОЛГОН НААРАЗЫЧЫЛЫКТАРДЫ АЗАЙТ: кейип-кепчип асан кайгы болсоң бул сапаттан арыл, оптимист бол!

ЖАҢЫЛЫП КАЛУУ КОРКУНУЧТУУ ЭМЕС: жаңылбаган адам болбойт! Жаңылып калсан андан сабак ал да, экинчи кайталабаганга үйрөн!

ЖЫЛМАЮУ ЭН КУЧТУУ КУРАЛ – сага канча ор казып, жаман айтып, көңүлүңдү түшүргөн адамга анын деңгээлине түшпүй – жүн гана ЖЫЛМАЙЫП кой!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости