www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19дан да кооптуу илдет аныкталды

Дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников эмне себептеп кадимки грипп адам үчүн коронавирустан дагы кооптуу экенин түшүндүрдү. Бул тууралуу "Россия 1" телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды. 

«Планета үчүн грипп өтө кооптуу. Бардык окумуштуулар куш тумоосунан, чочко тумоосунан коркот, алардын мутациясынан чочулашат. Анткени ал жерде адам өлүмү коронавируска караганда көбүрөөк кыйылат», — деди дарыгер.

Ошондой эле медик коронавирустун келиши менен грипп жоголуп кетпегенин, учурда COVID-19га гана кабылдым деп ойлогондор ошол эле учурда гриппти дагы жугузуп алышы мүмкүн экенин айтты.

Андыктан коронавирустан каза тапты деп жаткандардын бардыгы эле COVID-19дан эмес болушу дагы толук ыктымал экени кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости