www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адистер адам стресстен күлүп же уктаганга караганда ыйлап алса тезирээк жана жеңил чыгарын айтышты.

Японияда стрессти чыгарып, психологиялык саламаттыкты сактоо үчүн мекеменин кызматкерлери менен мектеп окуучулары үчүн ыйлоо сабагы киргизилүүдө. Бул тууралуу The Japan Times гезити билдирди.

Эксперттердин айтымында, ыйлап алган кишинин денеси жазылып, жеңилдеп алат.

Адамдын психологиялык саламаттыгына мындай ыкма менен кам көрүү ыкмасы учурда Күн чыгыш өлкөсүндө өтө популярдуу болууда. Ыйлоо сабагынан берген мугалим Хидефуми Ёшиданын айтымында, ыйлоо күлгөнгө же уйкуга караганда алда канча натыйжалуу. Ал адамдар сезимдерге тие турган тасмаларды көрүп, кайгылуу музыка угуп же шыктандыра турчу китептерди окуп ыйлап алса болорун айтат.

2015-жылдан тарта Японияда 50 кишиден ашкан кызматкери бар компанияларды жумушчуларын стресс тестинен өткөрүү милдеттендирилген.

Булак: "Спутник.кж"  

Последние новости