www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык сотунда бүгүн, камактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жакындарынын батирине байланышкан арыз каралат.
Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов "Азаттыкка" билдирген. Адвокат буга чейин Биринчи май райондук соту Исаковдун үй-бүлөсү жашап турган үйдү баалоого санкция бергенин айтып, мындай чечим менен келишпей шаардык сотко кайрылган. Анын айтымында, турак жай Сапар Исаковдун кайын-журтуна таандык.
Эскерте кетсек, Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков быйыл 5-июнда камакка алынган. Ал өзү бул иште "саясий боёк" бар экенин айтып келет. Исаковдун камактагы мөөнөтү 5-декабрга чейин узартылган.
Булак: NazarNews.kg