www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушундай абалда окутуу иштери жүрүп жаткан мектептер бар. Бул тууралуу тармактык комитеттин Ысык - Көл областында өтүп жаткан көчмө жыйынында айтылды.

Кече, 15 – октябрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет Ысык – Көл областында көчмө жыйын өткөрүп, Тоң жана Жети – Өгүз районунун активи жана тургундары менен жолугушуп, алардын негизги суроо – талаптарын угушту. Элдин суранычы таза суудан тартып, билим берүү мекемелериндеги эскилиги жеткен имараттар, арсар абалдагы курулуш жайларын камтыды. Депутаттар күбө болгон Тоң районундагы Токтобай уулу Шамей атындагы орто мектеп 1936 – жылы салынган. Андагы балдардын саны мектеп сыйымдуулугуна дал келбей жаткандыктан, экинчиден, имараттын эскилиги жеткендигинен улам, 275 орунга эсептелген жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Ушул жайга 21 млн. сом бөлүнгөндө аталган мектептин спорт залы, от жагуу системасы толугу менен бүтүп, тамактануучу жайдын да маселеси чечилмек. Бул иштин жылышынан кабар берген  маалымат болсо, ал эми айрым мектептерде мектеп тактасы (доска) менен партанын ортосундагы аралык 1 метрге жетип - жатпеген жыштыкта окуп жаткан окуучулардын маселеси да айтылды. Музыкалык мектептердин чатыры ана түшөт, мына түшөт деп тургандары да бар экен.

Жолугушууга келгендер жөлөкпулдун даректүүлүгү, маданий мекемелердин көңүлдөн сырт калып жаткандыгы, саламаттык сактоо тармагындагы кадрлардын тартыштыгы сыяктуу бир топ багыттын беймаза көрүнүштөрүнө эл өкүлдөрүнүн көңүлүн бурушту.  Берилген суроолорго жооп берген депутат Аида Касымалиева баштапкы медициналык кызмат көрсөтүүлөргө олуттуу көңүл бурулуп жаткандыгын айтып, андагы адистердин айлык акыларынын жогорулатылганын билдирди. Ошол эле маалда акысыз медициналык кароолорду уюштуруу тобунун катарында да иш жакшы жүрүп жаткандыгын айтты. Бирок, жыйынтык ойлоното турган оор үшкүрүктөрдү пайда кылгандыгын да ачыктады. Мисалы, өспүрүм балдардын салмагы менен бою бири – бирине дал келбей жаткандыгы боюнча фактыларга токтолгон эл өкүлү, - бул туура эмес тамактануудан тартып, дене тарбиялык кыймыл - аракеттердин жетишсиздигине байланыштуу экендигин санады. Ошондой эле ал, - аз кандуулуктун көрсөткүчү балдар арасында көбөйүп жаткандыгы тынчсыздандырарын айтып, жаш балдардын өсүүсүндөгү биринчи миң күндүк өтө маанилүү процесс экендигин белгиледи. 

Тоң райондук ооруканасындагы адистердин кесиптик чеберчиликтери жакшырып жаткандыгы кубандырчу маалымат болду. Бирок, ара жолдо калып калган айыл элинин мобилдик клиникаларга муктаждыгы айтылды. Бул суроолорго жооп берген КР Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, -  “Жаш врачтардын депозити” боюнча иштер үзгүлтүккө учурабастыгын айтып, адистердин айлык маяналарын жогорулатууда атайын иштелип чыккан кошумча индикаторлор тууралуу баяндама берди.

Тармактык комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова 2019 – жылдын бюджетине ушул элдин айткан маселелеринин барын киргизүү мүмкүн эместигин айтып, бирок, “Эки – үч объектинин маселесин чечип алсак, ушул дагы биз үчүн жакшы жыйынтык”, - деп иштин ачыгын түшүндүрдү.

Ушул эле тармактык комитеттин көчмө жыйынынын Жети – Өгүз районунда улантылган бөлүгүндө депутаттар Кызыл – Суу айылындагы “Салтанат” кинотеатрынын азыркы абалын көрүп чыгышты. 1983 – жылы салынган  аталган маданий жайдын эшик – терезеси азыр темир менен калкаланып, калкаланбаганынан аркырап шамал кирген кароосуз калган абалы көргөндүн көөнүн кейитет. Орундуктары оркоюп сынган кинотеатрдын алды ижарага берилип, соодагерлердин ири аянтчасына айланып калганын андагы тургундар айтышат. Ушундай кароосуз калган кинотеатрлардын саны республика боюнча сегизөө. Абалдан чыгуунун жолун издеп, 15 жылдан бери бюджеттен каражат сурап кайрылган Маданият министрлигинин өкүлдөрүнүн ушунча жылдан бери шагы сынып келе жаткандыгы да дайын болду. Муну уккан комитет төрайымы Г. Молдобекова, - “15 жылдан бери канча мектеп курулду, жылына бирден кинотеатр оңдоп – түзөлгөндө азыркыдай абал жаралбас эле, бюджет каралганда музду ордунан козгоо керек”, - деген талапты койду.

Тармактык комитет эртең, 16 – октябрдагы көчмө жыйынын Ак – Суу, Ысык – Көл, Түп райондорунда улантат деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости