www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«7-чакырылыштын депутаттары үч деген баага татыктуу иштеп жатышат», - деди бүгүн, 23-апрелде NazarNews маалымат агенттигине мурдагы элчи Ибрагим Жунусов.

- Ибрагим агай, 7-чакырылыштын депутаттары кандай иштеп жатат? Дасыккан мугалим катары кандай баа коёр элеңиз?

- 7-чакырылыштын депутаттары ортозар иштеп жатышат. арасында дасыккан саясатчылар бар. Парламенттин босогосун жаңы аттагандары бар. Бирок, алардын парламентке келгенине 6 айдын жүзү болгону менен өздөрүн жакшы жагынан көрсөтө элек.

Мен мугалиммин. Мугалимдин көзү менен карасак, 7-чакырылыштын депутаттары үч деген баага татыктуу иштеп жатышат.

- Айрымдар 7-чакырылышта каяша айтканда дагы кагаз караган депутаттар бар экен деп жатышат. Саясий трибунада депутаттардын кагаз караганы боюнча кандай пикирдесиз?

- Саясий трибунада кагаз карап карап сүйлөгөндү туура эле деп эсептейм. Анткени, адашып, ар нерсени айтып алгандан көрө кагаз карап сүйлөгөн жакшы эле. Бирок, кандай учурда кагазды кароо керек экенин карап көрүш керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости