www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан келген арзан баадагы өсүмдүк майын сатуу уланууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өсүмдүк майынын 5 литри 675 сомдон сатылууда.

"Жарандардын сатып алуусуна ыңгайлуу болуусу үчүн, эми өсүмдүк майы шаардын борбордук бөлүгүндө, тагыраагы, Ж.Бакиев көчөсүндө да сатылууда. (Болжол: Ак-Абад кафесинин жаны).

Ошондой эле мурдагы дарегинде, тагыраагы, Жалал-Абад шаары Курманбек көчөсү 8 дарегиндеги муниципалдык базарда да сатылып жатат. (Болжол: Курулушмаркеттин арт тарабы)", - деп айтылат билдирүүдө.

Иштөө убактысы: саат 9:00дөн 17:30га чейин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости