www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин директорлор кеңешинин төрайымы Акинай Бекмурзаева абактан кат жолдоду. 

Катта:

«Урматтуу уыргыз элим, урматтуу «Ихсан»кооперативинин мүчөлөрү! Мен сиздердин алдыңарда ийилип, таазим кыламын.

Себеби, азыркыдай оор кырдаалда пайщиктердин күтүү мөөнөтү узарып, ар кандай кара пиар болсо да, убактылуу, мөөнөт узарып кетип жатса сабырдуулук менен менин сиздерге жасай турган ишимдин актыгын,тазалыгын көрүп жатасыздар.

Ооба, менин Кыргызстаным үчүн ар кандай бут тосууларга карабай, ар кандай жаман ушактарга даяр болуп, элиме пайызы жок үй алуу «Ашар» жолу менен болоорун далилдеп бердим.

Бирок, биздин кооперативге күчтүү каралоо болуп, жалган жерден адам өлдү дегенге чейин барышты. Бул каралоонун жеткен чеги эле.

Биз банктын процент системасына эл үчүн каршы турууга, эл адал жол менен үйлүү болушуна шарт түзүүгө аракеттерди калып жаттык.

Мен, Акинай, кыргыз элинин патриоту катарында элиме каруум казык болуп иштегенге дайыма даярмын.

Бир жарым жыл ичинде 3500 ашык атуулдар үйлүү болушту, алардын айрымдарынын көбү кара жанын карч уруп, иштесе да банктардан үй ала алган эмес. Себеби олчойгон пайызы жана бир топ документтер талап кылынгандыктан мүмкүнчүлүгү чектелген эле.

Ал эми «Ихсан» кооперативи ар бир аярлуу катмарына дагы чоң мүмкүнчүлүк түзүп берди, башкача айтканда үй менен камсыз кылып жатты.

Биз кара пиардын артында пайшиктер келбей калса дагы кайтарып берүү, үй берүү улантылып жаткан.

Бирок пайщик эмес адамдын сөзүнө кирип, мени каматкан адамдарга да ыйман тилеймин. Жүзгө жетпеген адамдар арыз жазып мени каматса, азыр мени миңдеген пайшиктер колдоп жатканына кубанам. Мен ишенем, провокаторлор убагы келгенде өз жазасын алышат.

Мени колдоп турган элиме ыраазымын, Аллах колдоп турса, сиздердин алдыңарда ар бир акчаңыздардын кайтарылышына, үйлүү болушуңуздарга кепилдик берем, Кудай астында ниетибиз түз жана ак.

Баарыңыздарга ден-соолук каалайм. Кудай буюрса бардык кыйынчылыктарды бирге жеңебиз. Сиздерди урматтоо менен Акинай Төрөбековна», - деп жазылган.

Эске салсак, 12-июлда «Ихсан» кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева кармалып, 2 айга камалган. Ал алдамчылык жана ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, коротуу беренелери менен шектелүүдө. ИИМдин билдирүүсүнө ылайык, жарандар «Ихсанга» салган 121,3 миллион сомун кайтарып ала албай жатат. Убадаланган турак жай же автоунаа дагы берилген эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости