www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 ИИМ академиясына 50 жыл толду

2019-жылдын 4-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында 50 жылдык маарекеге карата Кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгондорду эскерүү үчүн Даңк мемориалына гүл коюу менен башталган салтанаттуу иш-чаралар башталды. Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков, чакырылган коноктор: Тилек Асаналиев, Бексултан Эшимов, Абдыкапар Мавлянов, андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов, ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөсү А. Зеличенко, ИИОнун ардагерлери Даңк мемориалына жана Кыргыз милициясынын биринчи генералы Э. Алиевдин эстелигине гүл коюшту.

Гүл койгондон кийин коноктор музейге барышып, аларды окуу жайдын тарыхы, калыптанган мыкты салттары жана профессордук-окутуучулук курам менен тааныштырышты. Андан соң, конокторду конференц-залда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын 50 жылдыгына карата конференцияны өткөрүү үчүн окутуучулар, курсанттар, студенттер тосуп алышты. Чогулгандардын алдында ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков жогорку окуу жайдын курсанттарын, жалпы жамаатын жана ардагерлерди Академиянын 50 жылдык маарекеси менен куттуктады: "Академиянын миңдеген курсанттары республиканын аймагында кызматтык милдеттерин аткарышты жана аткарып келишүүдө. Алар өлкөнүн жарандарынын жана конокторунун коопсуздугун көзөмөлдөшүүдө. Эрктүүлүктү жана баатырдыкты көрсөтүшүп, кызматтарын татыктуу өтөшүүдө.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиевдин атынан жана жеке өзүмдүн атыман Академиянын өздүк курамын, кымбаттуу ардагерлерин, бүтүрүүчүлөрүн жана кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн келечектеги милиция кызматкерлерине жардам көрсөтүшкөндөрдү майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Биз, сиздерге ден соолук, бейпилдик, чыдамкайлык, кызматыңарда жана күжүрмөн ишмердүүлүктө ийгиликтерди каалайбыз", - деп Сүйүн Өмүрзаков куттуктоо сөзүндө билдирди.

Сүйүн Өмүрзаков Жогорку окуу жайдын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө ИИМдин Академиясынын мурдагы жетекчилеринин салымы зор экендигин баса белгиледи. Министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков «Академии МВД КР 50 лет» маарекелик медалын Тилек Асаналиевге, Бексултан Эшимовго, Абдыкапар Мавляновго тапшырды.

Окуу жайдын түзүлүшү, түптөлүшү жана өнүгүшү система катары республиканын ички иштер органдарынын, ошондой эле, Кыргызстандын өнүгүүсүнүн тарыхый этаптары менен түздөн-түз байланышкан. 1969-жылдын 19-майында СССРдин ИИМнин атайын буйругу менен СССР ИИМнин алдындагы милициянын Фрунзедеги атайын окуу жайы деп түзүлөт. 1991-жылдын 19-июлунда Кыргыз Республикасынын ИИМнин Бишкектеги жогорку окуу жайы деп, статусу өзгөрүлөт.

Азыркы Кыргыз Республикасынын ИИМнин генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясы деген аталышы 2000-жылдын 15-январында ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын ИИМнин Академиясы Кыргыз мамлекетинин ИИМнин системасына жогорку билимдүү-кесипкөй кызматкерлерди даярдай турган окуу жай.

Академиянын профессор - мугалимдик жааматында 4 илимдин доктору, 33 юридика, философия, педагогика, экономика, психология, саясий илимдердин кандидаттары, 10 доцент, 22 билим берүүнүн отличниги, 5 дене тарбия жана спорттун отличниги, 2 Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу иш алып барат. Аталган окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн арасынан ИИМдин тутумундагы жана республиканын маанилүү мамлекеттик кызматтарында иштеген көптөгөн жетекчилер чыккан. Алар: Жениш Раззаков, Дамир Сагынбаев, Кашкар Джунушалиев, деп билдиирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости