www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы мезгилде болуп жаткан дүйнөлүк кырдаал коомчулуктун аштоосуна жем таштап койгондой. Нью-Йоркто болгон Бириккен Улуттар Уюмунун Ассамблеясында АКШтын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин ортосунда сүйлөшүүлөр жабык эшиктин артында болгондуктан көпчүлүктүн кызыгуусун туудурду. Булардын мурунку телефон менен сүйлөшүүлөрү да коомчулукта кеңири жайылып, анда өзүнүн жакын кызматкери Байдендин Украинада жогорку кызматта иштеп жаткан уулу тууралуу кеп болгону ачыкталып, бул жана башка маселелер боюнча АКШ Конгрессинин Трампка каршы турган демократиялык партиясы президент Трампка импичмент да жарыялай турганын жарыялашты.
АКШтын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин ортосунда эмне деген сүйлөшүүлөр болгон? Албетте, буга чейин ачыкка чыкпаган Орусия Федерациясынын Крым, Луганск, Донбассты басып алганы тууралуу маселе талкууланган. Мындан бар аз мурун жетинин саммитинде Дональд Трамп “Крымда орустар көпчүлүктү түзөт экен” деген сөздү кыйыткан. Дүйнөлүк серепчилер, бул келе жаткан президенттик шайлоого даярдык болуш керек, Крымда орустар көпчүлүктү түзөт экен деген кеп, шайлоо алдында Владимир Путинди башынан сылоо дегендей сөздү айтышкан. Бирок, Зеленский менен болгон сүйлөшүүсүндө Трамп теңирден тескери кетти. Ал АКШнын Украинаны жерин бошотуудагы берген жардамдарын айтып, бул Евробиримдик, өзгөчө Франциянын президенти Макрон менен Германиянын канцлери Меркель көп жакшы жардам бербей жатканын баса белгиледи. Зеленский да муну бекемдеп алардан жакшы жардам болбой жатканын баса белгилеп кетти. Бул бир жагынан орустар менен согушууга Евробиримдик жардамын аяп жатат деген кеп.
Бул ушул мезгилге чейин Орусия менен Украинанын алакасын чыңдай турган Минск келишими ишке кирет деген ишенимге суу сепкендей. Ошондуктан орус коомчулугунда бул Зеленскийдин бул кадамы түшүнбөстүктү туудурду. Владимир Путин менен жолугушуп, бир отуруп, келишимге келүүнүн ордуна Зеленскийдин Трампка барып Крым, Луганск, Донбасс үчүн согушка каражат сурап жатышы Орусия үчүн оор маселе.
Кыргызстандын мындай оор кырдаалдарга тиешеси деле жок. Ал мурунку СССРдеги боордош республикалар болгону менен Украинадан Орусия, Казакстан аркылуу бөлүнүп калган. Саясий-социалдык жактан Кыргызстанга тиешеси болбогону менен экономикалык жактан тиешеси болот. Канткен күндө да Кыргызстан Орусия Федерациясы менен өнөктөш мамлекет. Бул бир жагынан болсо, экинчи жагынан дүйнөлүк мамлекеттердин тиреши да дүйнөлүк кризисти курчутуп жибериши мүмкүн. Ошондуктан, “От менен ойнобой”, Зеленскийге окшогон мамлекет жетекчилери алдыны ойлоп сүйлөп, эми Минск келишимине барууга даярданып калды..
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg