www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев соңку кездерде Жогорку Кеңештин трибунасын ар түрдүү маселелерди көтөрүп эле чыйпылыктап атат. Бир туруп саясатты, бир туруп маданиятты айтып калат, кээде чочугансып интернеттеги «фейктерге» чара көрөлү дейт, айтор, күйпөлөктөп эле атат, жарыктык.
Уйку көрбөй иштеп, Эргешович эмне мынча активдүү депутатка айланып кетти деп башыбыз маң болуп атты эле, көрсө, 2020-жыл жакындап калган турбайбы. Шайлоонун алдында «минтели-тигинтели» - деп эл көзүнө пиар жасабай, Төрөбаев мырза берген убадаларынын канча пайызын аткарганын айтып берсе жакшы болмок. «Парламенттик шайлоодогу 9%дык ченди ылдыйлаталы» - деп чамынгандын ордуна, «Биз иштей албайт экенбиз, 2020-жылы иштей тургандарга орун берели» десе жигиттик болмок. Депутат болбой калса, күнү бүтүп калчудай болгон Бакыт мырза шайлоого чейин дагы далай «трюктарды» көргөзөт эмеспи, - дейт "Де-Факто" гезити.
Булак: NazarNews.kg