www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын тургунун интимдик видео менен шантаж кылып акча талап кылган аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, 11-январда Ленин райондук милициясына М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда белгисиз аял "туугандарыңа интимдик видеону көрсөтөм" деп 30 миң сом талап кылып жатканын айтып, ага чара көрүүнү суранган.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 36 жаштагы аял 15 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан учурда кармалган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси ("Пара талап кылуу") менен тергөө амалдары башталган.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости