www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Австралия Союзунун Генерал-губернатору Дэвид Хёрлини Австралия күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасы менен Австралия Союзунун ортосундагы достук мамилелер эки өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн өз ара пайдалуу кызматташтык нугунда мындан ары да өнүгө берерине терең ишенем. Сизге ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми Австралия элине тынчтык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында

Булак: NazarNews.kg

Последние новости