www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев юридикалык илим боюнча практикалык сабак берип иштеп жатат. Бул тууралуу эл өкүлү өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, түшкөн каражатты алдыдагы парламенттик шайлоодогу үгүт иштерине жумшоону көздөп жатат.

Депутаттын айтымында, анын эки сааттык лекциясы 3000 сом турат.

«Менин лекциям практикалык билимдин негизинде иштелип чыккан жана теорияларды камтыбайт. Университеттен теорияларды үйрөнөсүз. Студент кезинде кантип юрист болуп, өз атыңды жаратып, университетти аяктагандан кийин акча тапса болоору жөнүндө үйрөтөм», - дейт Бекешев.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү азырынча аныктала элек. Бирок, азыркы учурда парламентарийлердин санын кыскартуу жана аларды бир гана партиялык тизме менен эмес, бир мандаттуу округдар менен шайлоо маселеси талкууланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости