www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Нооруз” майрамына байланышкан иш-чараларды өткөрүү учурунда ички иштер органдары тарабынан коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында бир катар тиешелүү чаралар көрүлөт.

Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, диний-экстремисттик жана террористтик көрүнүштөрдү  алдын алуу боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу, өзгөчө маанилүү, стратегиялык жана коргоолучу обьекттерди, андан сырткары ИИОнун административдик  имараттарын кайтаруу, Нооруз майрамына даярдануу жана өткөрүү учурунда  укукка жат иш-аракеттирди жүргүзүүнү алдын алуу максатында тиешелүү иштерди жүргүзүшөт.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери
жер-жерлерде уюштуруучулук жана практикалык иштерди алып барышат. Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругуна ылайык (20-21-мартта) ИИМдин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Атайын комплекстүү иш-чаралар түзүлгөн. 2019-жылдын 20-мартынан баштап Кыргыз Республикасынын ИИМдин бөлүмдөрүнүн өздүк курамы “Күчөтүлгөн тартипте” кызматын өтөшүп, күн-түн кызматта болушат. Ушунун негизинде, өзгөчө маанилүү жана стратегиялык обьекттер, мамлекеттик мекемелер көзөмөлгө алынганын белгилеп кетүү керек.
Ички иштер органдарынын облустук, шаардык жна райондук башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн нөөмөт бөлүмдөрүндө ыкчам-тергөө тобунун күчөтүлгөн нөөмөтү уюштурулду.

Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн ички иштер органдарынын бардык бөлүмдөрүнүн күчү жана каражаттары эсептелди. Майрамды өткөрүү учурунда Бишкек жана Ош шаарларынын аянттары, эс алуу жайлары, сейилдөө бакчалары, андан сырткары, облусттардын, райондордун борборлору, элдер көп жайгашкан аймактар көзөмөлдөнөт. Ички иштер органдарынын өздүк курамына мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо, жарандар менен сый мамиледе болуу боюнча инструктаждар өтүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости