www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-мартта, кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

"Кымбаттуу мекендештерим!

Сиздерди Нооруз майрамы менен куттуктайм!
Нооруз - жаздын, тазаруунун, өзгөрүүнүн, жаӊы күндүн майрамы. 
Тынчтыктын, өз ара түшүнүүнүн, биримдиктин жана ынтымактын салтанаты. 
Эзелтен бул нукура элдик майрамды элибиз аруу тилек, жаңы үмүт, жаркын маанай менен тосуп, жыл башы катары кабыл алып келген.
Ата-бабалардан калган бул көөнөргүс салтыбызды дагы байытып, кийинки урпактарыбызга жеткиребиз.
Бүгүн ар бир үйдө берекелүү дасторкон жайылып, сүмөлөк кайнатылат. 
Жергебиз майрам шаңына бөлөнүп, ыр-күлкү жаңырат. Баба дыйкан үрөн белендеп, жер айдоого камынат. 
Кадырман калайык-журтум!
Нооруз жергебизге тынчтык жана токчулук алып келсин.
Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун. 
Ар бир үй-бүлө бактылуу болуп, өлкөбүз өнүгүп, алдыга койгон ой-максаттарыбыз ишке ашсын. 
Бардыгыңыздарга бекем ден-соолук, бакубат жашоо, ийгиликтерди каалайм. 
Жараткан жар болуп, элибизде дайыма ынтымак, жергебизде тынчтык болсун. Кыргызстаныбыз гүлдөп, өнүксүн".

Булак: NazarNews.kg

Последние новости