www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дегеле тарыхта мындай болгон эмес. Маселен, кожоюндары качып кеткен партиялардын тамтыгы ошол замат чыгып, азыр ошол “Алга Кыргызстан” менен “Ак Жолду” оозануудан ичиркенишет. Тилекке каршы ошол партиянын “калдыктары” эми деле чоң бийлик бутактарында жармашып отурушат. Алар кадимкидей элге сиңип кетишти. Эпчилдери көрүнүктүү адамдарга куда-сөөк болуп, жарма достукка өтүп ымалашып, жармакташып кетүүгө жарашты. Бирок, бул ирет коомчулуктун көкүрөгүндө уюп калган партия тууралуу азыноолак кеп кылууга өтөлү.
Чейрек кылымдан бери өтөлгөлүүөмүрү, баскан жолу бар КСДПнын учурдагы абалына баш баксак мааниси мындай. Азыркы партиянын лидери Алмазбек Атамбаев тактысын убагынан кечиктирбей өткөрүп берген соң балээге кабылды. Болгондо да өзү менен үзөңгүлөш, табакташ, тарапташ болгон “көзөлдөр” жардан алыс кулатууга чара күргөнү кызыктай абалга кептеди. Ошондон улам мурдагы даңазалуу партиянын кыйла кунары кетип, кайсыл тарабына өтсөк деген оор маселе жаралды. Ооба, нагыз лидери Атамбаев экенин коомчулуктун басымдуу бөлүгү моюндашат.
Бирок, анын бир өңүрүн кесип алууга умтулган Сагынбек Абдракманов менен Иса Өмүркуловдун аракетинен кандай жыйынтык чыгат? Ушул суроо да көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан кези. Эгерде эле колунда “сокбилеги” бар бийлик ишаарат берсе булар партияны жулуп алгандан кайра тартпайт дечи? Ошентсе да “баскынчылык” кылуунун өзү партиянын кадырына доо кетирбейби-деген суроо жаралышы турган иш. 3-апрелде сьездибизди өткөрөбүз деп ээликкендердин тилеги ишке ашар бекен?
Ал эми кайкып, учуп шайлоонун амири менен КСДПга кошулуп депутат болгон “өзгөлөр” абалдан кантип чыгышат? Оңой эле оокатын кылып кетүүгө булар жарамдуу. Себеби, ансыз деле парламенттин мөөнөтү бүтөөрүнө аз калды. Анын үстүнө дайыма күн тийген жердин “күкүгүнө” айлангандар үчүн партиянын тагдыры сокур тыйынчалык бааланбайт. Күн ушуну менен бүтүп калбайт, 2020-жылы башка партияга эрмешип кетүүгө анча акылдын зарылчылыгы жок.
Болгону калың капчык талап кылынат. Кожобек Рыспаев, Азамат Арапбаев, Айнуру Алтыбаева, Бактыбек Жетигенов, Анвар Артыковдор мурда социал демократиялык партиянын ысыгына күйүп, суугуна тоңгон эмес. Демек, булар кабагым-кашым дебестен башкалардын ийинине башын жөлөөдөн ийменишпейт десек туура болот.
Айтор, көп баштуу КСДПнын кайрадан жылдызы жанабы, же жарыгы өчүп калабы, бүдөмүк бойдон. Азыр фракциядагы көрүнүш деле ар кандай. Башка “үйүрдөн” келгендерге баары бир, күн тынч өтсө эсепке кирет. Ал тургай “саткынчы” атты жамынып калган чала лидер Иса Өмүркуловду деле тоотпой калышты. Анткени өз кишисине тап берген, жагынуучулуктун “үлгүсүн” башкаларга көрсөткөн адамды ким сыйламак эле? Алмазбек Атамбаев болсо биротоло азыркы бийликке оппозиция болууга аттанды.
—“Мени жок кылышса, миңдеген жаңы Атамбаевдер өсүп чыгат”- деген кептин мааниси тереңде жатпайбы… Эгерде кайратынан жанбаган касиетине таянсак КСДП кайра баралына келип, элдик партияга айланышы толук шарты бар. Ошондо гана бир баштуу, күчтүү, тайманбас партияны тааныйбыз деп сөздү аягына чыгаралы.
Булак: "Ачык сөз"