www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кезинде, болгондо да катаал мезгилде Баткен облусун жетектеген Карамат Орозованын айрым эркектерге салыштырмалуу адамдык сапаттары бар экени коомчулукта белгилүү. Кийин парламентке келди эл өкүлү болуп. Учурда ал жөн гана элге көрүнүп калуу үчүн микрофонго жулунбайт. Эгерде маселе койсо да маанилүү жагына оодарып сүйлөйт. Мына ушул артыкчылыгы менен элдин жылуу пикирине арзыды.
Өткөн жумада болсо беш депутаттын ичинде болуп чыр чыккан Баткен жергесине караштуу аймактарда жүрдү. Эл менен кездешкенде да көкүрөгүндө уюган таасирдүү ойлорун ортого салды. Чынында эле тажиктердин башчыларына тең ата катары сүйлөшүүгө жараган атка минерлер болгондо иш алдыга жылмак. Тилекке каршы биздин чиновниктерде чабалдык, алысты көрө албагандык болгондуктан маселе чечүүдө жеңилип калып жатканыбызды баса белгиледи. Дагы бир жакшы сапаты-саткынчылыкты жактырбаганында. Анткени ал эч убакта “Атамбаевсиз КСДП” деген топтун жетегинде болбостугун ачыктады. Бул да болсо Орозованын туруктуу позициясы бар экенин аныктап турат.
Булак: "Ачык сөз"