www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмнеге Акаев чебелектеп калды?

Кыска аралыкта өлкөдөн качкан биринчи президент Аскар Акаев кыйла “кычкылдуу” маалыматтарды берүүгөүлгүрдү. Ат тезегин кургатпай өзүнүн көптөн берки санаа чектирген ойлорун эптеп ортого жаадырып калайын деген академиктин деги эмне максаты бар?  Максаты бирөө-кантип кыргызстанга кайрадан келүүгө болгон аракет. Бирок,анысынан майнап чыгабы,кеп ошондо.

Ал орус басылмасына берген маегинде 2005-жылкы “Жоогазын” революциясында  Американын үлүшү чоң экендигин белгилептир. Ал эми экинчи президент Курманбек Бакиев болсо орустарга коет күнөөнү. Айтор, экөөнүн шылтоосу окшош.

Тереңүңүлүп карасак Акаевдин бийликтен кетишине айрыкча билермандык кылып, ”Канайымдык” статуска ээ болгон Майрам Дүйшөновнанын салымы абдан зор экенин  байкоого болот. Анткени апчебиздин этегине эрмешкен кылычтай курч ошондогу жигиттер оңду-солду чапкылап жүрүп, бир топ шыбагага татыктуу болушкан. Ошол кездеги эпчилдер министр болушуп, курбулары ак үйдү тегеректешип жыргализм, кеминизм ырларын созуп калышкан. Тың чыкмалардын кээ бирлери дале болсо ат үстүндө жүрүшөт, мурдагысынан беш бетер жулунуп.

Кадрларды топташтай кылып ойногондордун акыркы “хору” өз нотасында ойнолбай калганына эмдигиче ичи ачышкан Майрашка кээ бир подружкелерине Москвадан муштумун түйгөнүн  деле унута элекпиз. Көрсө кезинде айланчыктап жүргөн курдаштары алар кеткенде башкача обон салып жиберишпедиби козудай маарап. Бизде кеткендерди уу камчы менен чапкылоо кадимкидей эле көрүнүш болуп калганы качан?

Ошентсе да Бекболот Талгарбековдун азаттыкка чыгышы Аскар Акаевди бираз ордунан козголтуп салды. Себеби, камактан эрте бошонуусуна анын түздөн-түз кийлигишүүсү бар экени айдан ачык байкалды. Албетте, саясий жагынан башка да таянычтары барын кантип көрбөй калууга болсун? Көз менен көрбөсөк да көөдөнүбүз аркылуу сездик. 

Мындан аркы кыймыл-аракетин Талгарбеков  өзүнүн “кумирине” чегере турганы деле айкын. Ага Осмонакун, Кубанычбек жана башкалар сөзсүз кошулушат. Бекер жерден Акаев ажолукту өз убагында тапшырган Атамбаевди жемелеп, азыркы президентке  жан тартпады да?  Кандай дегенибиз менен быйылкы жаздын күүсүнө кошулуп,агылып кетчүлөр арбып баратат. Теңир жакшылыгын эле элибизге ыроолосо экен...

Булак: "Ачык сөз"

< Предыдущий
Следующий >

Последние новости