www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир-эки жылдан бери сот, прокуратура кызматкерлерине өлкө башчысы тарабынан орундуу сындар айтылып келе жатканы айкын. Сырттан караган адамга прокурор болобу, сот болобу, кудайдын дагы алы жетпөөчүдөй туюлаар эле бир кездери. “Кайдан кулак чыгарса казанчынын өз эрки” дегендей, алар кааласа, соттойт. Кааласа, алчуусун алып, соттоло турган адамды актап жиберет. Дал ушундай ойлор мээбизге сиңип калган.
Эмесе, өз ой толгоом менен көп эле боло бербей убайым, сөз багытын калемиме түрткү болгон бир көрүнүшкө бурайын.
— Мени сурап келгендерге айтып койчу, бүгүн болбойт деп. Келсем да кечирээк келем. Ошон үчүн күтпөй эле коюшсун. Азыр куран окуган жерге шашып бараттым эле, — деди жумушка келээри менен эле кайра кетип жаткан кесиптешим.
— Арты кайрылуу болсун! Жакыныңыз беле каза болгон адам?
— Таанышым болчу.
— Жаш беле?
— Кандай десем?.. Мм… Чырымы 80дердегидей көрүнчүү. Бирок, 60тан жаңы эле ашкан экен, сураштырып көрсөм. Өмүр бою сот болуп жүргөн адам эле.
Демек, түшүнүктүү, өмүр бою сот болуп иштеп жүрсө, өз курагынан бир топ картаң көрүнсө… Мунун себебин айттырбай эле баамдаса болот. Сот болуп иштеш оңой-олтоң эмес да. Нервди көп оорута турган жумуш. Балким, бирөөлөрдүн тагдырына балта чапкан учурлары болгондур, же камала турган дагы бирөөлөрдү берген акчасы үчүн тап-таза кылып актап жибериши ыктымал. “Оңго барсаң өзүң өлөсүң, солго барсаң атың өлөт” деп жомокто айтылгандай, бирөөсүнүн каргышын укса, экинчисин темир тордон куткарып калгандыгы үчүн кайра санаа тартып, “эми өзүмдүн абийирим ачылып калбагай эле” деп далай күн жегени желим — ичкени ирим болоору шексиз.
Сот-прокуратура тармагында иштеш оор демекчи, мындан жыйырма жыл илгери Ош-Бишкек жолунда сапарлаш болуп калган бейтааныш адамдын келбети көз алдыма тартылып, айтып берген аңгемеси негедир дал ушул минуталарда кулагыма жаңырыктап туруп албаспы. Таксист таанышым болчу. Мени сапарлаштарыма “жазуучу” деп тааныштырып салган, узун жолду мен аркылуу “кетмендегиси” келген таризде. Ошондо жүргүнчүлөрдүн арасынан бүркүт кабак, мурутчан, бетинде шырамы бар, “зэк” кебетеленген адам мага кайрылып:
— Эгер, иним, жазуучу болсоң, менин тагдырымды жазбайсыңбы? — деп калды, “кырылдаган” үнү менен.
Мен бирөөнүн шагын сындырып көргөн жан эмесмин, макул дегендей баш ийкегеним менен, ичимден көңүлдөнгөнүм деле жок. Буга окшоп өз тагдырын китеп кылып жаздыргысы келгендер кездешип эле жүрбөйбү. Анүчүн атайы алтындай убактыңды бөлсөң, андан кызыгаарлык деле аңгеме укпай кыжаалаттанган учурларың болот. Кээ бирөөлөр ойлошот шекилдү, “менин башымдан өткөн окуяларды жаздырсам, бүттү, черим жазылат, эл да тытып окуйт” деп. Бирок, анын башынан өткөн окуясы жалгыз гана өзүнө кызыктуу көрүнгөнү менен башкалардын сезимине чымын чакканчалык да таасир эте албай калышы мүмкүн. Же көпчүлүктүн тагдырына окшош окуя болуп калат. Мисалы, сүйгөн кызын бирөө алып качып кеткен… бирөөсүн жигити алдап кеткен…
“Зэк” болсо керек деп ичимден бекер боолгобопмун. Өмүрүнүн көпчүлүгүн түрмөдө өткөргөнүн өз оозунан уктум. Кантсе да зэктер психолог болот эмеспи:
— Эмне, жазгың келбей атабы? — деди ал, менин оюмду жүзүмдөн окуп алгандай сүрдүү көз караш менен. — Эми өзүң билесиң да. Мажбурлабайм. Балким, илхамың келсе жазаарсың. Жазбасаң да угуп кой, иним. Сүйлөп, ичтеги бугумду бир чыгарып алсам, үстүмдөгү оор жүктү алып таштагандай жеңилдеп калышым ыктымал. Бетимдеги тактарды байкап аткандырсың. Бычактын издери. Далай жолу мушташып, өлүмдөн калган учурларым болгон. “Түрмөгө жылаандын баласы да түшпөсүн”, деги. Менин болсо, бала кезимде эле канкорлук кылып, эркиндиктен ажырап калган жайым бар. Кантип дебейсиңби? Балтаны капка ороп алып, прокурордун кабинетине киргем. Прокурор столуна бир топ кагаздарды жайып алып олтурган экен. Башын көтөрө босогодо турган мени бир олурая карап алды да айткан саламыма алик албастан, кайрадан кагаздары менен алек болуп олтура берди. Андан кийин мага бир да жолу көңүл бурген жок. “Баягы самтыраган немелердин эми баласы эле келиптир. Мунун колунан эмне келмек эле? Дагы туру-уп, туруп кетет да,” деп ойлоду окшойт, чамасы.
Мен бул кабинетке биринчи эле жолку киришим эмес болчу. Капилеттен темир торго түшүп калган агамдын ак экенин айтып зар какшаган, менттердин мажбурлоосу менен эле кылмышты мойнуна алып койгонун кайра-кайра айтып, ырайым сураган ата-энемди ээрчип далай жолу киргем. Бирөөгө жакшылык кылбас кебетеленген, карышкырдай кара мүртөз көрүнгөн прокурор жалынып-жалбарган сөздөргө, каректен аккан көз жаштарга жибиген эмес.
Агамды ак жеринен күнөөлөнүп жатат деген балалык туюм менин да сезимимде кыттай уюп калган эле. Үйдө күн сайын ый. Апам тим эле ботодой боздосо, муун-жүүнүң бошоп кошо ыйлайсың. Андайда, демейдеги кайраттуу көрүнгөн атамдын да эки жаагы кемшиңдеп, көз жашы бетинен сакалына чейин акчуу.
Балким, “иш” оң жагына чечилмек. Эгер жарды турмушта жашабасак… Прокурордун бир жолу шыбырап айткан чоң суммадагы акчаны, параны үйдөгүлөр таап бере алышпады. Андан калса. “коммунизм доорун баштан кечиргенбиз, ал убакта ширеңкенин баасы бир тыйын болчу” деп элдер легенда кылып мактаган ошол мезгилде көбүрөөк акча табуу, ашыкча байлык кармоо мүмкүн эмес эле. Чарба жетекчилери анда-санда түн жамына менчик сарайларга күтүүсүздөн кирип келишип, малыңдын туягынын көбөйүшүнө жол беришчү эмес, бир уюңдун жалгыз торпогун да этке тапшырасың деп милдеттендирип кетишчү.
Ошентип, күн сайын эмес — саат сайын ыйлаган чал-кемпир экөө тең бүк түшүп эле жатып калышты. Аларды карап алып, мен ого бетер кыжаалат боло берчүмүн. Жок, мындан ушундай көрүнүшкө чыдабайм, агамдын жалган айып менен камалып кеткени үчүн, апам менен атамдын көз жашы үчүн прокурордон өч алам деп кекенип келген элем мында.
Аңгыча, кыжырдана жетип бардым да, тигини как гана башка чаап калдым балтанын мизи менен!..
Көрсө, балалык кылган экем, адашкан экем. Ким үчүн мындай кылмышка бардым? Анын кесепетинен канча жыл азап чектим?! Ойноп-күлө турган бүтүндөй жаштык доорумдан эмне үчүн ажырадым? Керек болсо, азыр эркиндикте жүрсөм да өзүмдү дале капастын ичиндегидей сезе берем. Мага эч ким ишенбейт. Бир туугандарым да… Зэкти жылаандай түрү суук катары көрүп калышат экен бардыгы. Мынаке, тап-такыр үйлөнбөй, минтип туяксыз да өтүп баратам. Мунун баарын, керек болсо, ошол агам… түрмөдө эки жыл олтуруп чыккан агам түшүнбөйт, тим эле өзү аппак өңдөнүп. Үйүнө барсам, жеңем экөөнүн тең кабактары бүркөлүп турат.
Жазсаң, ушуну жаз, иним. Жакшы жүрсөң, тууганыңдын да эшиги ачык. Түрмөгө түштүң дегичекти, тагдырыңдын талкаланганы ошо!.. Эч жерге батпайсың. Жатындашыңа да керегиң жок. Андыктан, жаштайыңдан ойлонушуң керек, мага окшоп чалынбашың керек.
Булак: "Ачык сөз"