www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Э.А. Алиев атындагы Академиясында Кыргыз милициясын окуу жайынын 50 жылдыгына карата курстар арасында «Саптык ыр»  кароо-сынагы болуп өттү.

Иш-чаранын максаты — ИИМдин окуу жайында окушкан курсанттарды эли-жерин сүйүүгө жана мекенчилдикке тарбиялоо.

Аталган сынакка Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Джоробекова А.М., Афган согушунун ардагерлер кеңешинин башчысынын орун басары Азимов А.К. жана Афган согушунун Ардагерлер кеңешинин мүчөсү Сагыналиев Ч.О., Академиянын ыкчам ишмердүүлүк кафедрасынын доценти милициянын полковниги Абдырасаков Д.С. жана СИУ жана ММК менен байланыш бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Кадыркулов А.К. калыстык кылышты.

Кыргыз милициясын окуу жайынын 50 жылдыгына карата курстар арасында өткөрүлгөн «Саптык ыр» кароо-сынагына командалар жигердүү катышышты.  

Сынактын жыйынтыгында номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, диплом,  кубоктор менен сыйланышты. Алар:- Взводдор аралык ырлар сынагында 1-орунга 2-курстун 23-взводу ээ болушту;

- Роталар аралык ырлар сынагында 1-орунга 2-курстун 2-ротасы, 2-орунга 1-курстун  2-ротасы, 3-орунга 3-курстун 2-ротасы  ээ болушту.

ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы

Последние новости