www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-мартта, Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчи Ибрагим Жунусовду, АКШдагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчи Болот Отунбаевди, Германиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчи Эринес Оторбаевди, Бириккен Араб Эмираттарындагы (БАЭ) Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчи Чынгыз Эшимбековду жана Казакстандын Алматы шаарындагы Башкы консул Алиясбек Алымкуловду кабыл алды.

Кыргызстандын чет өлкөлөр менен болгон эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуусунун бардык тармактары боюнча маселелер талкууланып, Элчилердин ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары белгиленди.

Өзбекстандагы Элчи Ибрагим Жунусов менен апрель айында Ташкентте өтө турган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Президенттеринин Консультативдик жолугушуусуна даярдык, мамлекеттик чек араны делимитациялоо процессин аягына чыгаруу жана маданий-гуманитардык кызматташууну активдештирүү маселелери талкууланды.

Германиядагы Элчи Эринес Оторбаев жана БАЭдеги Элчи Чынгыз Эшимбеков менен саясий, инвестициялык, соода-экономикалык, энергетикалык, айыл чарба, туризм тармактарындагы өз ара аракеттешүүгө тийиштүү негизги багыттар белгиленип, Президенттин бул өлкөлөргө алдыда боло турган визиттерине даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Батыштын өлкөлөрү менен болгон кызматташууда кызыкчылык туудурган экономикалык тармактар катары Президент кайра иштетүү, жеңил жана тамак аш өнөр жайын, энергетиканы жана туризмди атады.

Ал араб өлкөлөрү менен кызматташууда болгон экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүк толугу менен колдонулбай жатканын айтып, аймактарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорго каражаттарды тартуу зарылдыгын белгиледи.

АКШдагы Элчи Болот Отунбаев менен маектешүүдө Мамлекет башчысы эки тараптуу саясий кызматташтыкты активдештирүү, инвестицияларды тартуу зарылдыгын белгилеп, чет өлкөлөрдө кыргызстандыктардын укуктарын активдүү коргоп, аларга конкреттүү жардам берүү милдетин койду.

Алматыдагы Башкы консул Алиясбек Алымкулов менен кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери жана ошондой эле Кыргызстандан айыл чарба азык-түлүктөрүн Казакстанга экспорттоо боюнча мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости