www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 26-ноябрда ИИМдин Академиясында Ыкчам-иликтөө ишмердүүлүк кафедрасы “Жашы жете электер жасаган кылмыштардын бетин ачуудагы маселелер ” аттуу тегерек стол уюштурду. Бул тууралуу ИИМдин Академиянын Басма сөз кызматы билдирди.

Тандап алган теманын актуалдуулугу бул азыркы учурда жашы жете электер жасаган кылмыштарга тийиштүү деңгээлде көңүл бурулбагандыгы. Бирок, оор, өзгөчө оор жана чоң коомдук резонансты жараткан кылмыштар бекем көзөмөлдө тураары белгилүү.

Акыркы жылдарда Кыргызстанда жарандар, коомдук жана укуктук уюмдар тарабынан жашы жете электердин кылмыштуулугуна активдүү көңүл бурулуп жатканына карабастан, жашы жете электер менен байланышкан кылмыштуулукка карата күрөштү өркүндөтүү жана бул чөйрөдө иш-чараларды күчөтүү зарылчылыгы бар. Жаңы ыкмалар жашы жете электердин кылмыштуулукка барышын жоюуга жана кылмыш ишине тартылган адамдарга жек көрүүчүлүктү пайда кылууга, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого шарттарды түзүп берүүсү керек. Бул жана башка факторлор, Кыргыз Республикасындагы жашы жетпегендердин арасындагы укук бузуулардын чөйрөсүндө орун алган маселелерди кенен чагылдыруу максатында тегерек столдун уюштурулду.

Тегерек столдун максаты жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыштардын алдын алуу жана бетин ачуу үчүн мамлекеттик органдардын ишин жакшыртуу боюнча негизги багыттарды иштеп чыгуу болуп саналат.

ИИМдин Академиясынын Ыкчам-иликтөө ишмердүүлүк кафедрасынын начальниги, милициянын полковниги Абдырасаков Дыйканбай Советбекович сөз сүйлөп, тегерек столдун ачылышын жарыялады.

Тегерек столдо укук коргоо органдарынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын, Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМК, РОБдун өкүлдөрү, Академиянын профессордук-окутуучу курамы жана №4 факультетинин угуучулары менен коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун соңунда, өткөрүлгөн иш-чара Кыргыз Республикасындагы жашы жетпегендердин кылмыштуулугун алдын алуу жана бетин ачуу жаатындагы маселелери боюнча тажрыйба алмашуу жана жалпы ыкмаларды иштеп чыгуу үчүн ыңгайлуу аянтча болуп калды деген бир пикирге келишти.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости