www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз муну билген эмеспиз. Бизде мындай компания алуу мүмкүнчүлүгүбүз жок. Алмазбек Атамбаев мени жана атамды уят кылды.

Бул тууралуу пикирин Коомдук биринчи каналдын Атамбаев байлыгын шектүү жолдор менен кантип топтогонун баяндаган жарым сааттык иликтөөөсүндө «Форум» кайра каттоодон өтүп, анын жападан жалгыз ээси болуп калган 28 жаштагы Субихи Пархати айтып берди.

Анын айтымында, ал өзү боюнча мындай маалыматты интернеттен окуп, андан соң шашылыш Кыргызстанга келген. Аны менен катар Пархати Атамбаев аны пайдаланып кеткенин, мындай иштер болбогонун кошумчалайт анда.

Ошондой эле Пархати кайсы бир документтерге атасынын суранычы менен кол койгонун, бирок эмне иш экенин билбей турганын айтат. Иликтөөдө Субихи Пархатиге жазылган мүлктөргө Атамбаев эле ээлик кылган деп божомолдойт.

Эскерте кетсек, Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратууну караган депутаттык комиссия  Пархати «Форумду» Атамбаевден 54 млн. сомго сатып алганы тастыкталганын айтып чыккан.

Мындан тышкары Субихи Пархатинин аты Чаткалдагы сурма казган «Хуасинь» компаниясы боюнча да ачылган кылмыш ишинде аталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости