www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик ипотека компаниясынын кызматкери жана анын 5 жаштагы уулу жол кырсыгынан каза болушту. Бул тууралуу аталган компаниянын маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын жамааты кесиптеши - менеджер Кундуз Тургумбаеванын жана анын 5 жаштагы уулунун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгырууда.

Маалыматка караганда, Кундуз Тургумбаева жана анын уулу Бишкек-Ош унаажолунун 176-чакырымында жол кырсыктын кесепетинен көз жумушкан.

Кундуз Тургумбаева 1977-жылы 2-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. Эки жогорку билимдин (экономикалык жана юриспруденция) ээси.

Эмгек ишмердүүлүгүн “Кыргыз айыл-чарба финансылык корпорациясынан” баштаган. Бухгалтер жана аудиторлор бирикмесинин мүчөсү болгон.  Мамлекеттик ипотека компаниясында Кундуз Тургумбаева үзүрлүү эмгектенип, “Турак жайды финансылоо” программасында да натыйжалуу иш көрсөткөн. Мындан сырткары ал жогорку квалификациядагы кесипкөй инсан, сүйүктүү жар жана 4 баланын мээримдүү энеси болгон.

Эске сала кетсек, жол кырсыгы 25-ноярда саат 00:30 чамасында Бишкек-Ош унаажолунун Жайыл районунун аймагында болгон. Алдын-ала айтылган маалыматтар боюнча Бишкек тарапка жол алган Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу каршы тилкеде келе жаткан Mercedes-Benz Sprinter менен кагылышып кеткен. Натыйжада 5 киши каза таап, дагы бир нече киши жаракат алышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости