www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын (УККБ) ыкчам кызматкерлери ишкердин балык өндүрүүчү чарбачылыгын тоногон деп мурда соттолгон жаранды кармашты. Жакында ички иштер органдарына Жайыл районунун жашоочусунан арыз келип түшүп, анда криминалдык чөйрө тараптан коркутуулар болуп, тонолгондугу жөнүндө маалымдалган.

Ушул жылдын июль айынын башында бейтааныш адам Бишкек-Ош унаа жолуна жакын жайгашкан балык чарбачылыгы менен алектенген ишкерге келип, коркутуу жолу менен 4400 суммасындагы ондон ашык форель балыгын алып, дагы 20 000 сомдон жогору акча каражатып талап кылган.

Аталган факты КЖБРге катталып, Чүй облусунун Жайыл РИИБдин тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренесинде (Тоноо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштү башташкан. Ишкерди коркутуу фактысы боюнча иликтөө ишине Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын (УККБ) кызматкерлери тартылган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары мурда соттолгон Кара-Балта шаарынын 1979-жылы туулган А.Р. аттуу жашоочусу кармалган. Криминалдык милиция кызматынын УККБнын маалыматы боюнча кармалган жаран УКТнын мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости