www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз элинде “Бычакка саптуу адамдар жокпу?” –дешет. Бар деп санай баштайсың: Султан Ибраимов, Апсамат Масалиев, Насирдин Исанов, Жумабек Ибраимов, Эркинбек Матыев... Аттиң, булардын барынын көзү өтүп кетиптир. Кылымдарда бир келчү Эркинбек Матыев кыска өмүрүндө ашыгып, шашылып кыргыз калкы үчү өлбөс иштерди жасап кетти. Анын ашыкканы жыйырмадан өтүп илимдин кандидаты, отузунда илимдин доктору, отуздан ашып академик наамын алып, элинин ден соолугу үчүн кам көрүп, фармацевтика илимин ааламга жетелеп чыккан. Эл үчүн күйүмдүү Эркинбек Матыев парламентке эки ирет депутат болуп шайланып, аба кырсыгына кабылып, жолдошторунун өмүрүн сактоо үчүн, өз өмүрү менен кош айтышты. Эркинбек Матыевдин жасап кеткен иштери аңыз, легенда, уламышка айланып баратат. «Мыкты адамдын көзү өтүшү  мүмкүн, бирок жасап кеткен иштери эч качан өлбөйт»-дегендей анын алтымыш жылдык мааракеси алдында, Эркинбектин жашап өткөн өмүр жолуна бир кылчайып карап кетүүбүз абзел. Эркинбек Матыевдин элеси жаш бойдон калат, азыр ошол мезгилде бешиктеги балдардын да «канат-тумшугу» өсүп жетилишкен. Кыргыз элинин залкар инсаны Эркинбек Матыевдин бейнесин калың элге, эмки муунга жеткизүү, бул Маркс акебиз айткандай: «Ийне менен кудук казкандай!»

 

Өйдө жакта талаш-тартыш папкелеп,

Өөнөп жатат миллиондорду пачкелеп.

Өрт жүрөктүү Эркинбекти эстесем,

Өксүк толуп көзгө ачуу жаш келет.

 

Кылымда бир кыргыз үчүн жаралган,

Кызыгышып таанычу эле бар аалам.

Кыска өмүрдө зор иштерди бүтүрүп,

Кыйла жерге атак-даңкы тараган.

 

Ырыс-кешик бөлөп турчу өңүн бүт,

Ыйман күтүп, эл-журтуна көрүнүп.

Ыйык жолдон мусапырды көргөндө

Ыйлап ийчү көзүнөн жаш төгүлүп.

 

Кайрымдуулук эл-журтуна жасаган

Калкы үчүн, кыргыз үчүн жашаган.

Кап, аттиң  ай, кетип элдик Эркинбек,

Кайгырган бүт эли-журту…жаз… аалам…

 

Бирөө качса, бирөө келип илип ток,

Битти сыгып, канын жалап кирип ток.

Билек түрүп Эркинбектей эл деген,

Бийлик жакта, бычакка сап жигит жок.

 

Аттиң, арман тирүү болсо Эркинбек,

Ай-ааламга кыргыз эми эркин деп.

Артта калган калкын сүрөп жүрмөктүр,

Алга кыргыз, бар заманга жеткин деп.

 

Өйдө жакта талаш-тартыш папкелеп,

Өөнөп жатат миллиондорду пачкелеп.

Өрт жүрөктүү Эркинбекти эстесем,

Өксүк толуп көзгө ачуу жаш келет.

 

 

1. Эркинбек Матыевдин «жазыла элек» кереметтери

Саясий интригалар быкшып турганда, кыргыз элине жаңы кереметти, фармакология доорунун ачкычын тартуулаган Эркинбек Матыев «ачыла элек сандыктай» жаш кетти. Болбосо алтымыш жашка тиш салып, саясаттын туу чокусунда жүрөт беле? «Шанхайдын бир көчөсүндөй» алакандай Ала-Тоо элине Эркинбек Матыев көп дурус бурулушту алып келди. Фармакология ишканасынын жетекчиси катары элибиздин оозуна алынып, дүйнөлүк бул илимге чабыттады. Анын аркасы менен дарылоонун мыкты сапаттарын тапканыбыз, фармакологологияны «бышырганыбыз» чындык, анын айтылган таамай ойлорун ушул күнгө чейин бута кылып алабыз. Жетелесе «төө сыяктуу» кете бергендер бар. Саясат самсаалап келип алардын дал өзүнө минип алат. Ушундай оор сыноолордо өзүн патриотмун деп эсептеген кыргыз жигиттери мекени үчүн туруп, өз ишин илгерилете берет. Ал эми кээ бирөө «Күн тийген жердин күкүктөрүнө» айланышат. «Ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар» - дейт. Деги күкүккө айланбай, жакшылап ачыла турган учур келген эле. Эркинбек Матыев өтө жаш ачылган, шашып келип, шашып кетти...

 

2. Матыевдин биринчи керемети: Мекени!

Кыргыз элинде, кыргыз жеринде төрөлүү өзү эле керемет! Эркинбек Матыев дарылоо ишкерчилигин торолтуу менен, кыргыз элине өзгөчө сый-урмат менен мамиле кылып келген. Албетте, анын ишкерчилиги Мекени. Анын жасаган иши Кыргызстандан өтүп, эбакта ааламды аралап калган. Кыргыз жергеси, акактай тунук, кереметтүү жайларга бай. Арийне, ажайып кооз жерлердин салмактуусу Жумгалды көздөй ооп алгандай. Соң-Көл, Көкөмерен, Кара-Кече, Кабак, Сандык, Сары-Көл, Ой-Кайың, Баш-Кууганды-Көл, Көк-Мойнок… Боз балдарынан өйдө тулпарга туурасынан минип, алып, ат тизгинин тартышпай Жумгалда сызып бараткандай. Жумгалдын жери чексиз! Жумгалды эстегенде элин бир муштумга айланткан Мырзабек датка элестелет, Ак Мөөргө болгон ак сүйүүсүн арман кылып ырга чалган Болот элеси келет. Арыган кыргыздарды кытай талаасында куудулдук тили менен баккан Куйручук элестелет. Жумгал дегенде Эркинбек Матыевдин элеси көз алдыга келет! Аны менен бирге кыргызды ааламга тааныткан фармакологиясы бирге келе жаткансыйт.

Чын эле Жумгал десе Эркинбек Матыев, анын кылган эмгектерин эстейбиз, бирок булар алда качан Жумгалдын деңгээлинен чыгып, кыргызды, дүйнөлүк мамлекеттерге алып чыккан касиетке ээ болушкан. Андай бийик жерлерде Эркинбек Матыев фармаколологиясы менен кыргыз элинин сыйынган тумары, «брэнди» болгон. Канчалаган кыргыз үй-бүлөлөрү бир кездерде Эркинбек Матыевдин аркасы менен жашап, жанын багып, канчалаган келечек муундар эрезеге жетпеди. Жакшы жасалган иштер, кээ бир адамдарды түйшөлдүрүп, түн уйкусун бузат, биз Эркинбек Матыевче кимге жакшылык кыла алдык, ойлонбой туруп жаман сөздөр менен ашатып алгыбыз келет. Ооба да, адамдарга жакшы иш кылуу эмес, жакшы сөз айтуу да оор иш болуп бараткандай. Капчыгыбыз эмес, калем сабыбыз да жаман, негативдүү жактарды жазууда жорголоп кетип, жакшы сапатын айтууда, «күйөөгө берчү кыздай» мокок болуп калабыз. Анан калса, илгери «күйөөгө берчү кыздар» көшөгө ичинде моймолжуп отурушса, эмки күйөөгө берип жаткан кыздар, так текедей секирип, кайын аталары менен «ламбада» тээп жүрүшөт. Заман бузулуп баратат, бир гана Эркинбек Матыев бузулган жок. Анткени ал өлбөс-өчпөс «чыгармаларын» жаш туруп жазып кеткен. Анан да сегиз миң жыл жашап келген, миллиондогон кыргыз элинин ичинен, миңдеген «ай-кашкалардын» ичинен, «жарышка түшчү буудандай» жулунуп турган Эркинбек Матыевдин элесин кагаз жүзүндө сүрөткө түшүрүү бул оңой иш эмес!

Байыркы кыргыздар: «Сулуу кыз, суусар тебетей, күлүк ат» -деп келишкен. «Сулуу кыз» болсо түшүнүктүү, «суусар тебетей» супермаркеттеги чет элдик кийимдер. Ал эми «күлүк ат» чындыгы, манаптыктын белгиси болгон. Эртең менен Жумгалдан чыккан күлүк, ээсин түшкө жетпей Токмок базарына жеткирген учурлар болгон. Азыр «бронежилет» кийип, брондолгон автомобилдин алдыңкысын минип кээ бирөөлөр түшкө чейин  Бишкекке араң жетет… Анткени, улам токтоп барат…

Эркинбек Матыев убагында күнүн барып-келип, залкардай Теңир-Тоо аймагын тегеретип, баш-көз болуп турган. Ошол мезгилде аны Теңир-Тоодо, Жумгалда «бакырган баладан» өйдө билип калган.Топ жылдыздын ичинде өзгөчө жаркын элести калтырган кыргыздын кыраан жигити Эркинбек Матыев «Алтын чөйчөк» аталган Ала-Тоо курчаган айтылуу сулуулардын, өнөр даркандарынын өрөөнү аталган Жумгалда 1959-жылы жарык дүйнөгө келген.

 

3. Матыевдин экинчи керемети: Айкөлдүгү!

Илгери оозеки эпосубузда Манас баатырыбыз Бээжиндин «солк» этпеген дубалдарын, дубанды жарып чуу менен кирип барса, эмки заманда Эркинбек Матыев Кытайга, Индияга өз дарысы менен кирип барган. Тарыхтын оомал-төкмөл кезеңдеринде калкына калканч болуп, «Телиген таптап куш кылган, тентиген элди журт кылган» Айкөл Манастай эр азаматтар чыккан. Канжыгага баш байлап, караңгыда жол тапкан кыраандардын өмүрү адатта кыска болот. Тагдыр аларга алптардын жүгүн артып, катаал сыноого кабылта берген. Ошондой ой жеткис эрендердин эченин ойлогон ой, асыл мүдөөсүнө жетпей күлгүн курагында оопат болушу кимдин жүрөгүн сыздатпайт. Кыргыз эли абалтан журт эгелерине бай келген. Антпесе, «Манас» эпосу баштаган мухиттей асыл-мурастар, адамзатты таң калтырат беле?

Жыйырманчы кылымда илим, маданият, искусствонуну туусун көкөлөтө көтөрүп , дүйнөгө тааныткан таасын илимпоздордун жылдызы чыккан. Табигат аларга өнөр даркандыгын тартуулаганы менен тагдыр мерездик кылып жаш кезде жанчып кетип, кимди гана өкүнтпөйт. Эркинбек Матыев эл сүймөнчүлүгүнө арзып, жаңы ачылыштарды жасап келе жаткан белсемдүү илимпоз катары эртеңки күнгө үмүттүү карап, эл ишеничин артып отурбады беле? «Армандуу дүйнө» дегениң адамзат жаралгандан баштап айтылып калган сымал. Атпай журту ысымдарын аздектеген улуу инсандардын арбактарына кай убакта болбосун таазим этип, эскерип туруу артында калган тирүүлөрдүн парзы...

 

4. Матыевдин үчүнчү керемети: Үй-бүлөсү

Жумгалдан көз суктанткан сулуулар, ак таңдай улуулар чыкчу. Матыевдердин үй-бүлөсү тээ байыртан эле түндүк-түштүк элине дайын болгон мартабалуу, кадыр-барктуу адамдардан болгон. Ата-теги атактуу Кылычхандын насилинен тараган кудай колдогон, кут даарыган, касиеттүү пенделер болушкан. Атасы: Сагынаалы, апасы Жүкүн беш уул, эки кыздуу болушат. Роза, Роман, Арстан, Мирон, Галина, Нурланбек, Эркинбек. Сагынаалы атанын кичүү уулу төрөлгөндө элдердин маанайы жарык болуп айлана шаңга бөлөнүп, өзгөчө жагымдуу күн болуптур. Матыевдердин үйү чоң кубанычка толуп, топураган кошуна-колоң өздөрүнчө кубанычка батышкан. Өзгөчө Сагынаалы ата кубанычына жетине албай, эл-журтуна жакшылык каалап, согуш болбой эркиндик болсун деп уулуна «Эркинбек» деген ысым койот. Көкүрөк күчүк болуп чоңойгон Эркинбек, Нурланбек экөө эгиз козудай ээрчишип жүрүп чоңойду.

Сагыналы аксакал бул дүйнөгө ааламдын оозун ачырган окумуштуу Эркинбекти, косике-каратэ боюнча Япониянын оозун ачырган Нурланбекти берди. Дзю-до боюнча «черный пояс» тагынган кыргыздын күйөө баласы Владимир Путин тамтыракайы чыккан Орусияны бутунан тургузганы белгилүү. Косике-каратэ боюнча Японияда алтын медалга ээ болуп, «черный пояс» тагынган Нурланбек Матыев башчы болуп келатат дегенде Октябрь, Свердлов, Аламүдүн райондорунун салык инспекторлору, буту менен тызылдап чуркап салыктын планы 100 пайыздан ашып кетчү. Нурланбек Матыевди Сталин Жуковду эң татаал фронтторго жиберген сымаал, салык инспекциясынын канчалаган түйүндүү жерлерине жиберсе да, өзү жетектеген райондун салык планын ашыгы менен аткарып, дайыма ат салдырбай келген. Япониянын Токио шаарында Эл аралык бизнес-мектебин аяктаган, экономика илимдеринин кандидаты, Москва Коом жана Чөйрө Эл аралык Академиясынын академиги.

Кызыккан хоббилери адамдардын касиет жөндөмдүүлүгү, хоккей. Кыргыз хоккейинин атасы. Жаратылыш менен гармонияда жашоосу , орусча айтканда «пишуший не мыслит, мыслящий не пишет» - дегендей, Нурланбек мырзаны ачыла элек көп сырлары бар экенин айгинелейт.Ал отставкадагы полковник эмес, запастагы полковник, «запас» деген «азык». Анын жаш курч энергиясын мамлекетибиздин коомчулугуна жумшаса болот. Нурлан мырзанын салык органдарында бай тажырыйбасы бар. Ал эми полковник наамы, полкту эмес, бир чоң райондун салык органдарын жетектесе болот деген даража. Мурун полковниктер республиканы жетектөөчү. Кээ бир шылуундар бар, кан төгүлгөнү аз келгенсип баатыр болом дегендер. Ага окшогон ички дүйнөсү таза, аң-сезим оюу булактай тунук, руханий байлыкка ээ эр жүрөк инсандар мамлекетибизде аз эмес. Анын аткарган жумуштарын кыргыз эли билет. Нурланбек мырза салыкты чогултуу боюнча адамкерчиликтүү ыкмасы бар. Анткени салык чогултууну жарандык милдети катары эсептеп келген. «Элим үчүн кызмат кылам деген сөз бир гана Манас Атага таандык». Азыркы бийликтеги чиновник, депутаттардын ичинде адамга кызмат кылбай өз камын ойлогондор бар, алар акчага кызмат кылышат. Кыргыз элине кызмат кылам дегендер Нурланбек мырзага окшоп, «сүттүн үстүндөгү каймактай» сейрек кездешет.

Нурланбек менен Эркинбектин аң-сезимин, акыл-эсинин эрте жетишине агасы Романдын тийгизген таасири зор. Ал Бишкек шаарындагы политехникалык жогорку окуу жайынын тоо-кен факультетинде окуп жүргөндө , жогорку класста окуган экөөнө өз-өзүнчө адабий китептерди алып келип, окуп бүткөн соң сурайм деген талаптарды койчу экен. Агасынын сөздөрүн эки кылбай экөө талыкпай окуп, бири-биринен калышпай жарыша шар айтып берип таң калтырчу экен. Айрыкча, Эркинбектин эске тутуусу, куйма кулактыгы өзгөчө укмуш экен!

Агасы Роман залкар акындардын мурастарын топтоп, учурунда «улутчул» деп басмага жарыяланбай, окууга тыюу салынган акындардын кол жазмалары менен инилерин тааныштырып, кайра билгизбей алып кетчү экен. Роман Матыев жаркырап жанып келе жаткан жылдыздардын бири эле. Ал Ош шаарынын биринчи катчысы болуп, кыргыз элинин оозуна алына баштаган кезде 39 жашында акты карап кетти. Бул инсан тууралуу Усубалиев китебинде баян этип кеткен. Башка бир туугандарынын барысы тууралуу узак сөз кылууга болот.

 

5. Матыевдин төртүнчү керемети: Кайын журту Масалиевдер

Жубайы Айчүрөк, белгилүү партиялык мамлекеттик ишмер, республиканын эң таза жетекчиси Апсамат Масалиевдин кызы. Эркинбек Матыев Канышай, Айдана, Надина деген кыздардын атасы. Учурунда Апсамат Масалиев парламент депутаты болуп турганда, анын уулу Исхак Масалиев жана күйөө баласы Эркинбек Матыев, дээрлик бир уядан үч депутат бар эле.

Орто жүздүн төрөсү Кунанбай баласы Абайга суроо салат экен:

-Эй, балам атадан кем туулган уул болот экен, атага тең туулган уул болот, атадан артык туулган уул болот экен. Сен өзүңдү кимисине кошосуң?-деп.

-Мен атадан артык туулган уулмун деп эсептейм .- дейт казакча мактанычка чалкып Абай.

- Эмнеге? - дейт Кунанбай.

-Сени бир билсе ушул аймак билет, ашып кетсе орто жүз билер. Мени бүткүл казак элинен тышкары кошуна түрк туугандар, күн Чыгышта жапан, кытай, күн Батышта орус, Европа бүт дүйнө билет, - дейт Абай. Ошондо Кунанбай:

-Мен болбосом сен ким болмок элең, - деген экен.

Мен ушул суроону Исхак мырзага койгум келип туру. Исхак мырза атадан кем уулбу, же атага тең уулбу, балким атадан артык уулдур? Исхак мырзанын ысымы эле төө көтөргүс Исхак Раззаковдун ысымы. Исхак Раззаковдун уулдары жөнүндө сөз болбогондон кийин, андан эркек тукум деле калбаса керек. Ал эми Турдакун Усубалиевдин баласы тууралуу, Тукең Кыргызстанды мыкчып турганда сөз болчу. Ректордун кабинетинде бутун учкаштырып, тамеки чегип отурат дешип. Албетте, ректор сөөмөйү менен эшикти көрсөтүп кубалап чыкмак. Анын атасы Кыргызстанды бийлеп турса, айласы жок тамеки чекмектен, арак ичип дардалаңдаса деле макул болмок да. Ошол бойдон Усубалиевдин баласы тууралуу кеп да болгон жок. Эми небереси Бишкек шаарында депутат болуп жүрөт.

Василий Сталин деген болгон, жыйырма жаштан өткөн соң генерал болуп, офицерлердин башына жумуртка коюп атканды өнөр көрчү экен да. Байкуш офицер төбөсүндө жумуртка турат, генерал Василий кокус жаза атып мээсин чачыратып ийиши да мүмкүн да. Сталиндин баласы эркелеп атса, алар да айласы жок туруп берет. «Мышыкка оюн, чычканга өлүм». Жумурткага атса башынан ылдый куюлат, тирүү калганы үчүн ага деле кайыл. Василий атасы Сталин өлгөндөн кийин аракка берилип жапжаш кезинде эле аркы дүйнөгө кетти. Ал өлдүбү, ит өлдүбү киши деле билген жок.

Аскар Акаевдин уулу Айдар тууралуу кеп кылсак, ал жездеси Адил Тойгонбаев экөө кир колдору менен криминалдык дүйнө менен эсептешип, мамлекеттеги салмактуу бизнестин барына көз артып, суктугунан атасынын кадыр-баркына шек келтирип, акыры өз туулган жеринен кубаланып чыкты. Мен жаздым эле «Айрандан артык максым бар, Айдардан артык Максим бар» - деп. Максим Айдардан ашса ашты кем калган жок. Ал бизнес эмес бийликти өзү каалагандай чоюп, акыры мамлекеттик бийликти приватташтырып алуу үчүн кам көрүп, өзүн президент катары эсептеп, Ак үйдүн жетинчи кабатынан кабинет алып, премьер-министрлерди алаканына салып ойното баштаган. Ал деле кыргызга жаккан жок. Акыры Максимдин айынан атасы, ага-тууганы менен кубаланып чыгышты. Атасына пайда эмес зыян алып келишкен мындай уулдарды кандай уул деп айта алабыз?

Ушуларга салыштырсак Исхак мырза айырмаланып турат. Апсамат Масалиевич бийликте турганда анын уулу Исхакты бийликке аралаштырган жок. Ал криссталдай таза адам болгондуктан андай сөз болушу мүмкүн эмес болчу. Аттиң, дүнүйө дейт экенбиз, ушундай таза адам президент шайлап алганда мамлекетибиз бутунан эбакта туруп кетип, камчы салдырбай кетмекпиз. Демократияны Акаев эмес Масалиев баштаган. Ошол демократиясы өзүнө жолтоо болду. Аны интригандар сатып кетишип, Кыргызстанды талап кетишти. 1995-жылы Масалиевдин жеңишин көз көрүнө көмүп салышты. Бирок, ал бары бир жеңди. Бир үй-бүлөдө үч адам атасы Апсамат Масалиев, баласы Исхак Масалиев жана баласындай болгон күйөө баласы Эркинбек Матыев депутат болуш, Гиннестин китебинде да жок. Исхак мырзанын таскагы оппозицияда чыкты. Эл аны колдоп келатат. Акаевдик заман кулаган соң ал Салык инспекциясына келип, бирок өзүн көрсөткүчө ордун алып коюшат. Бакиевдин «Ак Жолуна » мен деген партиялар туруштук бере албай өтпөй калышкан. Бир гана КСДП менен Исхак Масалиевдин Коммунисттер партиясы жеңип чыгышкан. Апрель революциясынан соң бардыгы коңулга кире качышканда Исхак мырза гана баш көтөрүп легитимдүү парламентти чакыруу тууралуу маселени кабыргадан койгон. Үсөн Сыдыков менен бирге Убактылуу өкмөткө каршы чыгып сыз жерлерге да отуруп келди. Бул анын кайсы  бийлик болсо да ийилип, бүгүлбөгөнү, атасынын баласы экендиги. Акыры анын кадыр-баркы бийлик тарабынан сезилип кызмат берүүгө мажбур болду. Демек, Исхак мырза атасынан кемби, атасына теңби же атасынан артыкпы, кандай уул? Исхак мырза атасына тете уул десек куп жарашчудай.

 

6. Матыевдин бешинчи керемети: Жөндөмдүүлүгү!

«Камырдан караңгыда көз таап, кылды сууруп алган» Эркинбек Матыевдин жол башчылык жөндөмдүүлүгү, уюштуруучулук таланты зор эле! Эркинбек Матыев илим менен алек болуп келген. Арийне, замандын «дөңгөлөгү» менен кошо чимирилип 1 жана 2 чакырылыштагы парламент мүчөсү болуп келген. Чындыгы, бизге окшогон чакан мамлекетте ким түкүрсө да көрүнүп турат эмеспи. Эркинбек Матыев башкаларча кыйшалаңдабай өз фармацевтикасы үчүн тикесинен –тик туруп берди. Бийлик эгелери жөн гана киши эмес чагылбаган «жаңгакка» туш келгенин билишти.. «Жут» бийликтин даана гүлдөп жаткан учуру эле. Айыл элин баккан колхоз-совхоз, завод-фабрикалар таланып-тонолуп эл жакырчылыктын кырына жеткени менен, Акаев үчүнчү мөөнөткө президент болуп шайланат. 1995-жылы 5-февралда Эл өкүлдөр жыйынына 70, мыйзам чыгаруу жыйынына 35 депутат шайлоо округдарынан шайланып келип, өкмөттөрү чайнап-жей баштайт: А. Жумагулов, Б. Силаев, А. Матубраимов, К. Жумалиев, Ж. Ибраимов, А. Муралиевдин өкмөттүнөн соң, 2000-жылы К. Бакиев өкмөт башына келет.

7. Матыевдин алтынчы керемети: Марттыгы!

Эркинбек Матыевдин марттыгы ченемсиз эле, ал үчүн кыйналган үй-бүлө болобу, чыгармачыл адамбы, же болбосо көчөдө жүргөн бир пендеби токтоп акчасын берип, ал-ахыбалын сурап, ар бир кыргыз үчүн күйчү экен. Эл депутаты катары өз шайлоочуларынын арыз, дооматтарын адилет карап, таза иш жүргүзчү. Ар дайым адамдар менен кичи пейил жакшы мүнөздө сүйлөшчү. Депутат кезинде Нарын облусу боюнча саламаттыкты сактоо тармагына көзөмөл жүргүзүү комитетин башкарып калат. Нарынга барганда ойго чөмүлүп, көз алдына эл турмушу, саламаттыгы, ал-ахыбалы, генофонду, келечеги, жаш муундардын жашоо турмушу көз алдына элестеп кыйналчу экен. Бийлик барган сайын элден ажырап өз арбайын согуп калды, элди кароого күчү жетпей барататдеген ойлорду айтчу экен.

Камкордугун эске алган №1 Университет шайлоо округунан шайлоочулары 2000-жылы Эркинбек Матыевди Жогорку кеңештин депутаты кылып экинчи ирет шайлаган.

 

8. Матыевдин жетинчи керемети: Акылдуулугу!

Саясаттын ыпластыгынан оолак кармап эл үчүн кызмат кылышкан даанышмандардын эталондору: Исхак Раззаков, Султан Ибраимов, Насирдин Исанов, Жумабек Ибраимовдун катарында дагы бир даанышман Эркинбек Матыев да бар. Анын даанышмандыгын көрө албагандар бар, бирок тарых бардыгын өз ордуна коюп койот. КРнын Коомдук илимдер академиясынын Академиги Эркинбек Матыев 40 жашында «КРнын саламаттыкты сактоо ишмери» ардактуу наамын алган. Англис, орус тилдеринде эркин сүйлөгөн. Эки жүзөдөн ашуун илимий эмгектердин, төрт монографиянын автору болгон. Кыргызстанда колго жакшы алынбай келаткан бийик тоолуу аймактагы табигый дарылык касиеттери бар булактардын сыры дүйнө жүзүнө белгилүү боло элек эле. Кыргыз фармациясынын негиздөөчүсү Эркинбек Матыевдин жан үрөгөн тынымсыз аракетинин алдында бул тармак тынымсыз өсүп турду. Кардарлардын көңүлүн таап, чоң мекемени өнүктүрүү үчүн кудай берген акыл-эс, күч –кубат, жогорку билим ошону менен бирге эң башкысы адамкерчилик мамиле керек эле. Мына ушул таза касиеттер ата-бабаларынан бери канында куюлушуп, келе жаткан уютку өз зыйнатын бергенине тарых күбө. Эркинбек Матыев дүйнө жүзүндө илимпоз окумуштуулардын арасында өзгөчө кадыр-баркка ээ эле. Ошол кадыры менен чет өлкөлөрдү Кыргызстан менен тааныштырды. Бул мээримдүү, келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш академик менен иш жүргүзүүнү каалаган миңдеген фирмалар болгон. АКШ, Чехия, Бельгия, Словакия, Франция, Германия, Швейцария, Польша, Венгрия, Румыния, Австралия, Түркия, Пакистан, Индия жана башка мамлекеттер менен алака жүргүзгөн.

 

9. Матыевдин сегизинчи керемети: Калыстыгы!

Эркинбек Матыев фармациянын туу чокусунда жүрөм деп чиренбей, калыстыкка барып калайык-калк менен тил табышууга жетишкен. Үстү ылай менен жабылган жепирейген кичинекей тамдарды көрүп айдоочусун токтотуп, сумкасын ала түшүп үйгө кирип, үй ээси менен учурашып, ал-ахыбалын сурайт. Төрт баласы бар экен. Бизге жумуш жок дептир үй ээси. Балдарынын курсагын колу менен басып көрүп, «тишиңизди көрсөтүңүзчү» деп аялдын тишин текшерип, сумкасынан визитка, акчасын алып колуна кармата. «Балдарга витамин жетпейт экен, шаарга баргыла жардам берейин, сиз болсо догдурга көрүнүңүз» - деп жөнөп кетиптир. Артынан узата чыккан үй ээси, үйүнө кирип акчасын санаса 15 миң сом. Көргөн көздөрүнө ишенбей мындай кайрымдуу адамга ыраазы болуптур. Бул эл оозунан уккан аңыз, Эркинбек Матыевдин элге жасаган кайрымдуулугун бир үзүмү эле.

Ал эми шаарда болсо, жетим-жесирлер, кары-картаңдарга, колунда жок жаш үй-бүлөлөргө камкордугун аябай жардам берчү экен. Бишкек шаарынын Жумушчулар шаарчасында жашаган бир нече жарандардын үйлөрүнө телефон байланышын киргизип берген. Медициналык окуу жайдын мыкты окуган студенттерине стипендия берчү.

 

10. Матыевдин тогузунчу керемети: Келечекти көрө билгендиги!

Эркинбек Матыевдин демилгеси менен Индиянын «Аджанта-Фарма» фирмасы менен биргеликте иньекциялык формадагы дарыларды өндүрө турган «Айдан-Фирма» аттуу фармацевтикалык заводдун пайдубалы негизделген. Фармациянын эл камкордугуна аралашып, жетим балдар үйүнө, кары-картаң, согуштун катышуучуларына, оор абалда жаткан бейтаптарга акысыз дары-дармек, акчалай жардам көрсөтүп келген. Техникалык жабдыктар менен жабдылган бул мекеме телефон аркылуу кайрылгандарга үйүнө чейин тез аранын ичинде керектүү дарыны жеткирип берүү шарты каралган. Бул тармак өз каражатынын эсебинен мамлекеттик масштабда өтүүчү футбол, хоккей турнирлерин өткөрүп жана башка мааракелерге зор үлүшүн кошуп келген. Бүгүнкү күнү да аны эскерип Эркинбек Матыев атындагы хоккей боюнча турнир өтүп келатат.

 

11. Матыевдин онунчу керемети: Дилгирлиги!

Эркинбек Матыев дилгирлигинен улам илимден ишин баштап, илимден өз жолун тапты. Профессор Эркинбек Матыев биологиялык активдүү байланыштардын технологиясы боюнча алдыңкы окумуштуулардан болгон. Анын жетекчилиги астында төрт биологиялык активдүү композиттерди өндүрүүнүн технологиясы иштеп чыккан. Жапания, АКШ, Англия, Франция мамлекеттеринде өткөн эл аралык симпоизиумдарга бир нече жолу катышып, биздин мамлекетти чет мамлекеттерге тааныткан. Анын жетекчилиги менен мамлекетибизде «Медицина жана фармацевтика» деген илимий-популярдуу журнал чыгарыла баштаган. Эркинбек Матыев Эл аралык хронобиолигиялык академиянын жана Европанын илимий коомчулугунун, Орусиянын фармацевтика ассоциациясынын, Коомдук илимдер академиясынын академиги. КРнын Фармацевтика ассоциациясынын төрагасы болгон. Бүгүн анын калтырып кеткен мурастары менен кыргыз эли суктанат.

 

12. Матыевдин он биринчи керемети: Кадыр-баркы!

Эркинбек Матыевдин кыргыз элинде кадыр-баркы жогору эле. Аны бир гана үй-бүлөсү эмес, кыргыз эли кадырлап турган. Чечкиндүү кадамдар гана мамлекетти «баткактан» алып чыгары талашсыз. Эркинбек Матыев тобокелге бел байлап чечкиндүү кадамдарга барып жатканы өз үзүрүн бербей койгон жок. Эркинбек Матыевдей кадыр-барктуу инсанга кыргыз эли сыймыктанышыбыз керек! «Ичиң күйсө туз жала!» - дейт, Эркинбек Матыев тууралуу чындыкты айтсак да көрө албагандар бар. Кыйын кырдаалга туш болуп, кризиске учураган өлкөдө көптөгөн ишканалар банкрот болуп жабылып жатты. Эркинбек Матыев жетектеген мекеме оор абалды кынтыксыз башынан кечирип, 1993-1999-жылдары мамлекеттик казынага 125 миллион сом салык, социалдык фондго 18,5 миллион сом киреше кийирип турду. Азыркы мезгилде көптөгөн миллион сом салыкты казынага түшүрүп туруучу чоң мекеме. Эркинбек Матыев эки жүздөн ашуун дүйнөгө белгилүү фирмалар менен иш жүргүзүп, эл аралык байланыштарды кеңейткен.

 

13. Матыевдин он экинчи керемети: Тунук көз карашы!

Эркинбек Матыев алдыны көрө билип, талапты катуу койчу. Ал ишиндеби, парламенттеби иштебесин тазалыкка, тартипке өзгөчө басым жасап, элдин энчисине сарамжалдуулук менен мамиле кылчу. Мындай сапаттар беш бармагын тең матырган «алкы бузуктар» үчүн жетишпей турат. Адамкерчиликтүү бул инсан шайыр мүнөзү, кең пейил, меймандостугу менен кыргыз элин дүйнөгө таанытты. Коомдук иштер менен алагды болуп жүрсө да кыска убакыттын ичинде илимдин үч кандидатын даярдап чыгууга үлгүрдү. Орус элинин белгилүү академиги айткандай: «Кыргыз элинин бактысына жаралган уул» эле. Бардык жерде эл үчүн жанып күйдү.

 

14. Матыевдин он үчүнчү керемети: Чечкиндүүлүгү!

Эркинбек Матыевдин тобокелге бел байлап чечкиндүү кадамдарга барганы өз үзүрүн бербей койгон жок. Чечкиндүү кадамдар менен ал илим жолуна түшкөн. «Лед тронулся» - деп койот орустар, элде Улукман аке деп оорулууну дарылап айыктырган кишини айтышат. Чечкиндүү, боорукер, зээндүү бала айылда бирөө ооруп калса, «Ушул адамдын кантип дабаасын таап, кантип жардам берип айыктырса болот» деп терең ойлонуп, колунан эч нерсе келбей калса, «Мен чоңойгондо Улукман аке болом, сыйкырдуу дары жасайм»-деп кыялданчу экен.

Кудай жаштын тилегин берет экен, Эркинбек мектепти алтын медаль менен аяктаган соң, Алматы шаарынын медициналык жогорку окуу жайына барып кирет. Так ушул жерден Улукмандык өзү эңсеген ишине кадам таштайт. Мединститутту артыкчылык диплому менен бүтүргөн соң. Москвадагы Сеченов атындагы мединституттун аспирантурасында окуйт. 1984-жылы фармацевтика илиминин кандидатты деген илимий даражага ээ болот. Эмгек жолун КММИнин фармацевтика, аналитикалык жана органикалык химия кафедрасында ага окутуучу болуп баштайт. 1992-жылы Москвада Патрис Лумуба атындагы Эл достугу университетинде докторантурасын ийгиликтүү аяктайт. Биология илиминин доктору, профессор наамын алат. Анда болгону 33 жашта болчу. Бул курагында эл аралык хронобиологиянын академиги болуп шайланган. КР президентинин Указы менен Эркинбек Матыев «Кыргызфарминдустрия» мамлекеттик концернинин төрагасы болуп дайындалат. 1996-жылдан «Фармация» ААКсынын президенти болот. Ал мамлекеттик дотацияда турган аптекалык тармакты өз алдынча болушуна күч жумшаган. Аптекалык мекемелерди мамлекеттик менчиктештирүү концепсиясын иштеп чыгып, мамлекеттик ачык аптекалык базарды түзгөн. Анын жетекчилиги астында «Фармация» АК рынок шартында өнүктү, Борбордук Азиядагы кирешелүү тармакка айланды.

 

15. Матыевдин он төртүнчү керемети: Өлбөс мурастары!

Акын Шербет Келдибекова жазып кетиптир: «Жаныңды тынчытпаган –тирүүчүлүк, жарыңдан ысык турган – тирүүчүлүк»-деп. Эркинбек Матыев түбөлүк жашоочу өлбөстүктүн экинчи өмүрүндө жашап келатат. Бул жашоону ал алтын тамгалар менен тарых барактарына жазып кеткен. Ал үчүн жанып күйдү, ушундай уулунан ажыраган калың калк мүңкүрөп тиги дүйнөгө узатты. Акыркы зыйнатына келген касканактаган журт бардыгын унутуп, Эркинбекти кара жерге кыйбай , көрүстөн аймагы кайгырган калың журтка толуп, кыргыз эли аза кайгысын кийгендей жымжырттык өкүм сүрүп турган эле. Жаратылыштын мындай оор кайгысына табият да каарын төгүп мөгдөп турган. Жаш болсо да эл ишенимине арзыган Эркинбек Матыев калкын катуу кайгыга салган. Элдин өтүнүчү менен Бишкек, Нарын, Чаек айылынын көчөлөрүнө, Жумгал райондук ооруканага анын аты берилди. Көк-Жар айылындагы өзү жашаган көчөнүн аты да аталды. Жыл сайын Бишкекте салыкчылар арасында кичи футбол, Жумгалда хоккей боюнча «Эркинбек Матыев» атындагы турнир өтөт. Бишкектин Логвиненко көчөсүндө үй – музейи бар.

Эркинбек Матыев тууралуу айтылган жакшы кептердин учу үзүлбөйт. Өкүткө кабылган бул жылдыз жүрөк түркүрүнөн орун алган кайталангыс феномен, ал элдин рухунда өчпөй калды. Эркинбек Матыевдин арбагына таазим этүү менен анын экинчи өмүрү Ала-Тоо аймагында жашап жатканын баса белгилеп кеткибиз келет. Сөзүмдү Шербет Келдибекованын: «... Биз эми өлбөстүккө өттүк дайым – кыйырсыз кылымдардын өмүрүбүз» - деген сөзү менен аяктагым келди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости