www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн билдирүү таратты. Алардын билдирүүсүнө таянсак, 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуядан башынан оор жаракат алган Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун абалы дале оор бойдон экен. Москвадагы Н.Н.Бурденко атындагы нейрохирургиялык борбордо ага кошумча анализдер дайындалган. Ошонун жыйынтыктары менен андан кийинки дарылоо жолу белгилүү болот.
Эскерте кетсек, Башынан эки жолу операция болгон Самат Курманкулов Бишкекте Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда орусиялык дарыгерлер менен кошо консилиум өткөрүлгөндөн кийин, 11-августта Москвага которулган.
Булак: NazarNews.kg