www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турция мамлекетиндеги Айеркен Саймаитинин өлүмүнүнө байланышкан чуулгандуу окуянын учугу, кайрадан келип Кыргызстандын ичиндеги саясий туруксуздукка алып келүү коркунучун жаратууда. Кытайдын жараны болгон Саймаитинин аты аталган батыштын каржылоосундагы маалымат булагы деп жалпыга таанылган “Азаттыктын” иликтөөсү, чындыкка дал келбеген далилдерсиз даярдалган чуулгандуу материалдары менен кайрадан байланыштырып, өлкө ичинде дестабилизация жаратуу жана аны менен элди дүрбөлөңгө салууга жана учурдагы бийликке күмөн жаратууга максатталган баш аламандыкка жол бербөө керек.

Айрым бирөөнун кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн аны саясатташтырып, шахмат талаасына айландыруунун да кажети жок. Мамлекетибиз жана жарандарыбыз үчүн учурда бел байлап, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып бирдиктүү жана биримдиктүү иш-аракеттер гана керек. Акыркы кездерде каралоо жана жалган маалымат таратып, массалык маалымат каражаттары аркылуу элдин аң сезимине терс таасир берүү модага айланып бараткандай.

Туура, демократиялуу өлкөдө алгач сөз эркиндиги биринчи орунда турат, бирок аны курал катары колдонуп, жалданган армияга айлануунун кажети барбы? Ошол эле Раим Матраимов жана анын жакындарын, үй-бүлөсүн каралап, жерден алып сууга салып, суудан алып отко салгандардын көздөгөн максатытары бир эле нерсе – ал бийликке болгон кызганыч, мамлекет башчынын ишине болгон бут тосуулар. Бирок ошол эле учурда мамлекет башчыбыздын өлкө үчүн аткарып жаткан иштерин, элибиздин бейпилдиги үчүн жасаган аракеттерин чийип салуу бул туура эмес. Өлкө башчыбыздын аймактарды өнүктүрүүгө багытталган программасынын алкагында учурда Кара-Көл шаарында бир катар жаңылануу иштер башталып, бир топ маселелер оң жагына чечиле башталды.

Мисалы, жылдар боюу көңүл бурулбаган жолдорубуз оңолду, шаар тургундары үчүн жагымдуу шарттар түзүлө башталды, мектептерде окуучуларыбыз таза жана жылуу класстарда билим алып, ысык тамак менен камсыз болушту. Андыктан президентибиздин ишине тоскоол жаратып, бут тосууларга жол бербөө керек.

Мен Сооронбай Шариповичтин ишин толугу менен колдойм жана элибизди провокацияларга алдырбастан, биримдикке чакырам. Тынчтык жана туруктуулук менен гана бизде өнүгүү болот, андыктан сырткы жана ички чагымчылдарга көнүл бурбастан, өлкөбүздүн эртеңки келечегин ойлойлу. Учурдан пайдаланып дүрбөлөң салып, упай топтогондорго жол бербейли урматтуу мекендештер! Буга чейинки өлкөбүздө орун алган ар бир баш алама ндык экономикабыздын өнүгүшүнө терс таасирин бергенин жакшы билебиз, андыктан сиздерди ынтымакка чакырам, элге пайда алып келбеген чагымчылдардын куралына айланбайлы. 

Урматым менен Кара-Көл шаарынын мэри Ильяз Еркеев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости