www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маркум Айеркен Саймаитини Раим Матраимов менен тыгыз байланыштыргысы келгендер өздөрү аны менен эриш-аркак бизнес кылып жүрүшкөнү билинип калды. Социалдык тармактарга Саймаити менен “черный” деп аталган “Бир Болдун” депутаты Дүйшөн Төрөкуловдун (Душка) Оштун чайканаларынын биринде жанаша түшкөн сүрөтү тарады.
Дароо Саймаитинин Душка жана Алтынбек Сулайманов (Челюсть) менен байланыштары жана чогуу жүргүзгөн бизнестери жөнүндө сөз боло баштады. Челюсть шектүү шексинет болуп парламенттин трибунасынан анын Саймаити менен байланышы жоктугун, бул кайсы бир күчтөрдүн аракети экенин, бул ишти депутаттык комиссия териштириши керектигин айтып чыкты.
Ал эми Душка болсо Саймаитини тааныганын, мурда Кара-Суу базарында чогуу иштегенин, ошол кездеги 90 пайыз уйгурлар менен жакшы мамиледе болгонун, Саймаити менен дагы жөн гана тааныш катары чай ичкенин, эч кандай жалпы кызыкчылыктары жана иштери жоктугун билдирди. Ал эми криминалдын кыймылдары менен анча-мынча жакындан таанышы барлар Раим Матраимовго карата чабуул, “Азаттыктын” иликтөөсү, Саймаитинин өлүмү, мунун арты менен өлкө башчысына шек келтирүү дал ушул Сулаймановдун колунан келди деп айтып жатышат.
Анткени иликтөө жүргүзгөн журналист Али Токтакунов менен, ошол эле маалда Саймаити менен дагы Душканын мамилеси абдан жакшы болгонун, Челюсть Алиси менен кошо “Азаттыкты” сатып алганын, алардын акчасына журналист тайрактап дүйнө кыдырып, иликтөө жүргүзгөнүн, аягында Саймаитини заказ кылып тынчытышканын да кыйытышты.
Көрсө, булардын жердиги болгон Кара-Суу району, андан ары бүт Ош облусуна Раимдин таасири күчөгөндөн күчөп, бийликти жана таасирди жоготуп бара жаткан Сулайманов өзүнүн жан-жөөкөрү Душка аркылуу Саймаитиге “Азаттык” менен кызматташасың, Раимди каралаган сөзөрдү айтасың, деп тапшырма берген экен. Криминалдан корккон жана ансыз деле курьеринен ажыраган Саймаити Али Токтакунов сураган нерсенин баарын алар каалагандай айтып берет. Бирок чындык чыгып калбасын деген ниетте криминал акыры Саймаитинин дагы көзүн тазалайт. Ошентип, Раимди жек көргөн Душка жана Челюсть чоң оюнду баштап алышты. Раим аркылуу Мамлекет башчысына шек келтиребиз деген ниети айдан ачык көрүнүп калды. Баса, бул окуядан кийин Оштогу “Азаттыктын” кабарчысы Ыдырыс Исаковду кылган эмгеги үчүн сыйлык катары Прагага жөнөтүшүптүр. Бул тууралуу маалыматты чындыктын башын ардайым кыйытып айтып жүргөн Фейсбук тармагындагы Политика тайпасы жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg