www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга белгилүү ырчы, Мирбек Атабеков өзүн социалдык баракчасына боло турган митингге катышкыла деп чакырык таштаган. Бир нече убакыттан кийин ал өзүнүн чакырык таштаган сөздөрүн өчүрүп салган.
Такталбаган маалыматтарга таянсак, ырчы Мирбек Атабековдун кайын-журту АКШда мигрант болгон. Жубайы ошол жактын кызыкчылыгын көздөгөн атайын уюмдар менен кызмат кылат. Жакында эле Ош шаарына барып, жаш үй-бүлөлөргө, өз укугун пайдаланууну, кантип бала эмизүүнү, эркек менен аял кантип жыныстык карым-катнаш жасашы керек экендигин айтып, атайын сабак өтүп келген.
Мына Мирбек Атабековдун Кыргызстанга кылы кыйшайбай кадам таштаганы...Аттиң, Мирбек арзыбаган акча үчүн Мекендин кызыкчылыгын ойлобой элди бөлүп-жарганга, ызы-чуу жаратканга үн топтоп жүргөнү таң калтырды. Мирбек Атабеков андан көрө, “мен да бай болгом”, деп ырдап, чачын гелдеп жүрө берсе болмок...
Баса, Мирбек мырза “мирный” митингге даярданып жатат деп уктук... Алдын-ала ырчыга достугубузду айтып коёлу, саясат бул “энеңин” оюну же сахна эмес, “дагы-дагы-дагыда” деп 3 мүнөт ырдап кол шилтеп кете бергидей...Кыргызстандын тынчтыгы керек, Кыргызстан жакпаса бата берип АКШга узатып койгондор четтен чыгат...Мекениңерге түкүрбөгүлө эр азаматтар!
Булак: NazarNews.kg