www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармакта Атамбаев менен Абдукадырдын кучакташып түшкөн сүрөтү Фейсбук баракчасында пайда болду.  Буга чейин бул кишинин аты атайын иликтөөдөгү чуу жараткан. Таң калычтуусу Абдукадыр мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана жубай Раиса Атамбаева менен чогуу түшкөн сүрөтүн көрүүгө болот.

“Абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев каратып туруп калп айтуу, каратып туруп сатып кетүү жагынан башкалардан алдаканча айырмаланып тураарын элибиз жакшы билип калды. Ал 2011-жылы өзүн бийликке алып келүүгө эбегейсиз салым кошкон Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн президенттик мөөнөтүндө жанына жакын жуутпай, баарын дүңүнөн саткан болчу. Роза Отунбаеванын колунан бийликти өткөрүп алып, анан кайра аны «самозванка» атаган. Анан эми өзү бийликте турганда кыйышпас достордой жүргөн Хабибулла Абдукадыр аттуу ишкерди бүгүнкү бийликке чаптагысы келип жүргөнүн кандай түшүнөбүз” – суроо калтырышкан.

Белгилей кетсек, Айеркин Сайматинин өлүм жана Кыргызстандан чыгарылып кеткен акчанын өлкөгө эч кандай тийешеси жоктугу тууралуу жакынкы убакытта  макала жарыкка чыгат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости