www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрнис Кыязов: "Америка элине РАХМАТ!"

Бешинчи канал "Азаттыкка" жолтоо болбой Атамбаевдин шектүү уйгурларга тиешеси бар же жоктугун өзү иликтебейби эр болсо? деген талап - "Азаттыктын" чоңу Венера Жуматаевага Атамбаев квартира белек кылышы мүмкүнбү..жокпу, ушул каншаарды "Азаттык" өзү эле иликтесин дегендей эле кеп. Эгер Бешинчи канал бажыдагы былыктарга Атамбаевдин тиешеси бардыгын тактап, иликтеп чыккан күндө деле "..өкмөт каржылаган телеканал камакта жаткан бечара Атамбаевди каралап атат" деген ишенбөөчүлүк сөзсүз болот. Андай иликтөөнү бейтарап "Азаттык" жасап, Атамбаевге келгенде ага жан тартып боор оорубай, тиешеси, далили болсо Жээнбековду да, шек шыбырты болсо Отунбаева баш болгон убактылуу өкмөтчүлөрдү да ачык айтышы керек. Бир нерсени түшүнүп койгулачы, жакшылар! "Азаттыкты" буттан чалган эч ким жок, "Азаттыктын" статусу эркин статус, бул эркиндик америка элинин чөнтөгүнөн төлөнгөн эркин статус, Кыргызстандын президентине, өкмөтүнө, парламентине, партияларга, ар кыл байларга байланбаган статус. Бул тууралуу маалыматты журналист Эрнис Кыязов өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялаган.

Илгери КТРден Малеваяначыл Бешинчи каналга өтүп, Бешинчиден атамбаевчил Апрел твга өткөн Канат Каниметов инимди ал жакка алып барып койсо деле ошол бейтарап, эркин статуска таянып, Атамбаевинен да, Жээнбековунан да коркпой бүт тараптан маек алып, калыс көрсөтө бере турган статус бар "Азаттыкта". Ал статус "Азаттыктагы" тигил же бул жетекчинин, тигил же бул журналисттин кыйындыгынан же кыйын эместигинен көз каранды эмес. Америка эли төлөгөн салыктын эсебинен айлык алган "азаттыкчылар" Кыргызстандагы эч бир олигархка, саясатчыга көз каранды болбой, кылчактабай, Атамбаев сотко берип койгон күндөн бери жумшарып, ошо кишиге келгенде тили күрмөлүп калбай, КОРРУПЦИЯ деген сазга аралашкан тараптардын бүт баарын Раими болобу, Раимди калкалап келген мурунку кийинки президенттер болобу, бирин калтырбай дагы каза түшсүн, дагы чукуй түшсүн деген ниет. Депутаттык комиссия иликтесе.. "ааа алар президентке баш иет да" деген кеп чыгат; финполиция же УКМК иликтесе аларга деле ошондой шек кетет; Бешинчи канал Атамбаевди казып баштаса "жерде жыгылган байкуш кишини тепкилеген шуүмшүк канал" деп айтылаары турган иш.

Ошон үчүн элдин ишенимине, үмүтүнө делооруп "аа биз өзүбүз эле ары жактан кыйын турбайбызбы" дебей, Америка эли белек кылган эркиндиктин жоопкерчилигин сезип бийликтеги азыркыларга же экс..чилерге тартпай калыс болгула деген кулак кагыш болуп жатат. Ал маанини мен эмес, өзүңөрдө эле иштеп кеткен Нарын Айып, Шайырбек Эркин, Эльнура Алканова, жана байма бай силерге обьективдүү сын айткан Азаттыкта иштеп кеткен Бермет Букашева, Айданбек Акматов, Эсенбай Нурушев, системаны демократиялык нукка түп тамырынан бурмайын оңолбойбуз, - деп сайрап келаткан Өмүрбек Абдырахман (Өмүрбек Абдыракман), Лондондогу демократияны көрүп, жашап, иштеп келген экс элчи Кубан Мамбеталиев, азыр Америкадагы демократиялык эркин абадан дем алып жүргөн Адилет Айтикеев какшап айтып келет. Анан кол бошосо, бажыканада Кытайдан бери өткөн жүктөрдүн айырмасы кандай чоң экенин, ал ууру көрүнүш "революция кылдык урааааа!" деген жылдардан бери карай оголе өскөнүнө бир көңүл буруп карап койсоңор,.. рахмат. Америка бийлигине эмес, "кыргыздар аша-пашасына, ака-укасина, таяке жээнине, эже сиңдисине, эч кимисине тартпаган калыс, бейтарап, эркин система түзүп алып жыргал заманга жетсин" деп акча төлөп келаткан карапайым америка элине, салык төлөөчүлөрүнө рахмат!

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости