www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖК депутаты, Садык Шер-Нияз, "Азаттык" 700 миллиондон башка тема таппай калдыңарбы, түгөткүрлөр" деген коңгуроо какты. 

"Ай Азаттык силер эмне эле ушул 700 млн долларга жабышып жатып калдыңар ыя! Силерге эмне жаза турган башка жаңылыгыңар жокбу? Башка айтайын дегениңер түгөнүп калдыбы? Мисалы мына жазгыла да башкасын. Ата Мекендик согушту жазсаңар болбойбу түгөткүрлөр! Анда да канча кыргыз кырылды да! Ыя! Ой бу үркүндө кандай кыйналдык туурабы?! Атаңгөрү Кыргыз Каганаты учурунда Барс Бектин тагдырын эстесем көзүмө али жаш айланат. Аба ырайы сууктап келетат. Канча кыргыз кыйналат! Мына кечээ эки мас машинасы менен сүзүшүп кеткен экен, териштирип көрсө экөө тең бир тойдон чыгыптыр. Дагы бир айылдык кеңештин депутатынын көчүгүн кошуна ит тиштеп алганы канчалык сонун жаңылык болуп берди. Жыргап окудук баарыбыз. Үйрөнбөйсүңөрбү жаңылык жазганды! Силер болсо 700 млн, 700 млн деп. Чепуха 700 млн! Аман болсок андан дагы 7ни сугунабыз! Кеп бекен! Мындай чака тыйын менен башыбызды ооруттуңар да оңбогурлар. Башка нерсени жазгыла, тема көп! -деп жар салды Садык Шер-Нияз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости