www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Кыргыз өлкөсүндөгү азыркы саясий кырдаал боюнча билдирүү таратты.
"Урматтуу замандаштар! Өзүңүздөр көрүп тургандай, акыркы эки жылдан бери кайсы бир саясий топтор мени каралоо максатында түрдүү божомолдорду, ар кандай жалган маалыматтарды таратып келди. Мунун баарына качандыр бир чекит коюлат деп ойлоп жүргөм. Бирок акыркы жети ай ичинде бул каралоо акциясы башка деңгээлге чыкты. Айрым журналисттер ошол саясий топтордун куралына айланып, кечээ мени өлкөдөгү бардык экономикалык проблемалардын себеби катары сыпатташса, бүгүн ойго келбес, кечирилгис кылмыштарды мага шылтап, жалган жалаа жабууга өтүштү. Мени кызмат ордума кайра коюу боюнча сот чечиминен соң өз каалоом менен Бажы кызматына кайра барбоону чечкем жана тынч жашоо максатында бизнес менен алектенейин деп чет өлкөгө кеткен элем. Ошентип сыртта жүргөн учурда мени каралоо акциясына бейөкмөт, коомдук уюмдарды да кошууга үлгүрүшүптүр. Ошол саясий топтор эми жаштарды жана өз өлкөсү үчүн күйгөн жарандарды азгыруу аркылуу аларды саясатта курал катары колдонуп жатышат. А мен тууралуу “Азаттык” айтып жаткан маалыматтардын баары жалган жана иш-аракеттери туура эмес. Мен өзүмдүн ал иштерге тиешелүү эмес экенимди кайсы жерде болбосун далилдей алам. Жалган жалаа, калп маалыматтарды таратуу аркылуу мени курулай жаман көрсөтүү аракетинен улам коомчулукта азыр мага байланыштуу ар кыл пикирлер, уу-дуу кептер тарап кетти. Ушундан улам мен өз өлкөмө кайтып келүүнү чечтим. Мага байланышкан кандай суроо болсо, ошонун ичинде укук коргоо органдарында, мен жооп берүүгө даярмын", - деп жазылат билдирүүдө.