www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-ноябрда Москва шаарында "Кадамжай" коому тарабынан уюштурулган кыргыздын улуу инсаны, мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына карата эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү кабарчыбыз Эльвира Мамыралиевабилдирди.

Элчиликтин кызматкерлери, Москвадагы аймактык коомдук уюмдардын жетекчилери, активисттери катышып, А.Орозбековдун кыргыз мамлекетинин туптолушуно кошкон зор салымы, үлгүлүү адамдык сапаттары, улуу мекенчил инсандардын өсүп келе жаткан муундун татыктуу тарбияланышына тийгизген таасири, тарыхын сыйлап, сактаган эл өнүгүү жолунда болоору тууралуу кеңири сөздөр айтылды.

Эскерүү кечесине А. Орозбековдун небереси да катышып, кыргыз элине жана КРнын Президенти С.Жээнбековго ыраазычылыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости