www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айтымчы, төлгөсү төп келген Света Тойгонбаева Кыргызстандагы кырдаал жана КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун 61 жашы тууралуу айтты.
--Кыргызстанда кырдаал курчуп кетиши мүмкүнбү?
--Албетте, чет өлкөнүн өлкөдө кайрадан төңкөрүлүш болгонго кызыкчылыгы артты. Атайын уюмдар иштеп баштады. ИИМ менен УКМК ички душмандардын алдын албаса, алдыда кан төгүлүү турат, ызы-чуунун алдын бийликтегилер алышы керек. Ички душмандарды мамлекет тыкыр көзөмөлгө алып, жазалашы зарыл. Антпесе айрым саясатчылар бийликти кайра алабыз дешип жашыруун жолуга баштады. Сооронбай Жээнбеков дагы чечкиндүү кадамдарга барбаса болбой калды.
--Мисалы үчүн кайсы кадамдар? Президентти кызматынан кетет деген сөздөр тарады...
--Президент кадр саясатын колго алышы керек! Бирок эгерде бийлик шар кадамга барсын. Бекем болуп ички душмандарды жок кылса 2020-жыл Кыргызстанга жакшы жыл болот. Элге токчулук болот, президент тагында эле калат. Бирок январь менен март айында ички душмандар чет өлкөнүн акчасына мамлекетте ызы-чуу кылганга аракет кылышат. УКМК менен ИИМ каргандан сак болсун. Президент элди ойлосо бийликтеги атала кызматкерлерди кызматынан алышы керек. Жээнбеков эгерде чечкиндүү кадам таштаса 2020-жыл ийгиликтин жылы болот, эгерде бийлик ички душмандарга туруштук бере алса...
Света Тойгонбаеванын Өкмөт башчы, Курсан Асанов, Өмүрбек Текебаевдин айткандары тууралуу бир нече сааттан кийин окурмандарга сунуштайбыз.
Булак: NazarNews.kg