www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курал Чокоевдин YouTube каналындагы программасы чуу жараткандан кийин, бул тема тууралуу сүйлөбөгөн адам калган жок сыягы. Элдин нааразычылыгын жаратып, калкты өзүнө кайраштырып алган Чокоев менен Кайрат Примбердиев бир топ скандалдын чордонунда болуп келүүдө.

“Маданият кызматкери” наамын тартып алышкандан бери бир топ белгилүү адамдар аларга колдоо көрсөтүп, “мен да тапшырып берем төш белгимди” деп Маданият министрлигине каршы чыгып келишет. Жылдыздар арасында “Чокоев менен Примбердиевди колдойм, төш белгимди тапшырам” деген нерсе модага айлангандай.

Өлкөдө кандай гана окуя болбосун, ага карата өз пикири менен бөлүшкөндү унутпаган Илим Карыпбеков чуу жараткан Курал Чокоевдин окуясына бул ирет тамашалуу түрдө Фейсбук баракчасында бир ооз сөз таштап кетти.

“Эме...достор, элдин баары эле Маданият министрлигинен алган сыйлыктарын тапшырып атышыптыр, анан мага кичине "неловко" сыяктуу болуп атат. Эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт дегендей мен деле эл катары тапшырайын десем, менде Маданият министрлигинен бир дагы сыйлыгым жок экен. Анан ушу Улуу британиянын Бремьер-министри Борис Жонсон мырзадан алган мактоо сертификатым бар эле, Улуу Британиянын элчиси таршырган, ушуну берсем жарайбы? Же сөзсүз "ызначок" болуш керекби? Эл катарынан чыкпаш үчүн эмне кылышым керек ыя ыйолкиники десе?”, - дейт Илим Карыпбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости