www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аспеков Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берүүдө

Кыргыз темир жолу ишканасынан 250 миң доллар талап кылып, алып кармалган Мелис Аспеков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берүүдө. Жапыкеев ушул жума камакка алынышы мүмкүн. Бул тууралуу айрым маалымат булактары өздүк булактара таянып жэазып чыкты. 

--"Кыргыз темир жолу" ишканасынан акча талап кылган Мелис Аспеков "250 миң доллардын 50 миң долларын Сыймык Жапыкеевге бергем" деп көрсөтмө берүүдө. Жапыкеев ушул жума камакка алынышы мүмкүн",-деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак Садыр Жапаровдун Чүй облусундагы штаб башчысымын деген Мелис Аспеков менен Улан Жураев деген жаран 9-январда УКМК тарабынан кармалган.

УКМК буга чейин депутат Кубанычбек Жумалиевден 160 миң доллар алып кармалган адам Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысынын жардамчысы экенин жарыялаган. Бирок бул маалымат тууралуу кенен түшүндүрмө берилбей, ишти унуткарышкан.

Сыймык Жапыкеев Чоң Казат партиясынын лидерлеринин бири. Ал 5-октябрдагы окуялардан кийин кызматка келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости