www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 25-ноябрда Бишкекте Коррупцияга каршы митинг өттү. Аны көпчүлүк жарандар ММКлардын көзү менен көрүштү, окушту жана алардын уккан кулагы аркылуу угушту. Албетте, медалдын экинчи тарабын ачууга аракет кылган журналисттер деле бар. Бирок алардан өзгөчөлөнгөн репортаждын ээси, видеоблогер Илимбек Исраилов, NazarNews.kg агентигине өзүнүн байкагандарын айтып берди:

- Илим, билишимче сен видеоблогерсиң. Мындан башка туруктуу кесибиң барбы? Эмне иш кыласың?

- Туура мен журналист же кайсы бир ММК өкүлү эмесмин. Мен болгону Кыргызстандын жаранымын. Учурда Ютуб аркылуу ар кандай пикирлерди жарыялап, арасында өзүмдүн көз карашымды билдирип, ал аркылуу айлык алам.

- Кечээ Бишкекте өткөн митингде соцтармактын түз эфири аркылуу даярдаган репортажыңды көрдүк. Өзгөчөлүк бар десе дагы болот. Кабарчылар менен атаандашып жаткан жоксуңбу?

- Бул митингди чагылдыруунун алдында соцтармактардан, анын артында төбө чачты тик тургуза турган белгилүү саясатчылардын турары айтылып, аттары аталды. Мына ошолорду билгенден кийин тынч олтура албадым. Чындыгында эл өз каалоосу менен акцияга чыктыбы (?) же аларды кимдир бирөөлөр түртмөлөдүбү (?) Ушуну жеринде билүү үчүн барганмын...

- Анан эмнени байкадың?

- Ар бир жаран өз пикирин айтууга укуктуу. Бирок ошол элдин атын жамынган, алардын артында кандайдыр бир кызыкчылыгы бар саясий топ турган митингдердин кереги жок. Анан митингдин аталышы “Реакция” – деп аталыптыр. Муну көпчүлүк катышуучулар өздөрү деле билишкен жок. Мына алардын акцияга чыккандагы жарандык пикирине кызыксак, “Раим эле Раим”, -деп жатышат. Ошол эле учурда мени провокатор катары кабылдашты. Буга деле түшүндүм. Анткени элди алдоо болгон. Көпчүлүктүн баштары айланып калды.

- Демек, акцияны уюштуруудагы кемчиликтерди көргөзөйүн деген экенсиң да?

- Эми албетте, мындай митингдерди уюштуруп алып чыккандарды мактаса деле болот. Бирок, өлкөдөгү коррупция жөнүндө кеп кылып жатышкандан кийин, бир эле адамдын атына такалбашы керек болучу. Анын үстүнө ал жерде аты аталып жаткан Матраимовдун күнөөсү али далилдене элек. Соттун чечими жок шашылып кетишти. Батыштын “Азаттык” аттуу маалымат каражаты менен эле бирөөнү каралоого биздин Конститутцияда эч кимге уруксат берилбейт. Мына мен ошону эле чагылдырайын дедим. Аны коомчулук кандай кабыл алды билбейм го. Бирок, ошентсе дагы мен өзүмдүн жарандык укугумду пайдаланып, мен байкаган туура эмес жактарды гана айттым.

- Ушул репортаждан кийин, көпчүлүккө Матраимовдордун камчысын чаап жаткандай эле сезилсең керек?

- Эл болгондон кийин андай сын, пикирлер болот. Мени, “Матраимовдордун буюртмасын аткарып жатат” же дагы башка дештери мүмкүн. Андай сындарды түшүнүү менен кабыл алам. Мындай каралоо болорун дагы билгем. Эгерде туура эмес түшүнүп алгандар болсо, кыргыз элинен кечирим сурайм! Анткен менен мен өзүмдүн жарандык позициямдан кайтпаймын. Кандай болбосун башка жарандар сыяктуу эле Илимбек Исраиловдун дагы өзүнүн көз карашы, пикири болушу керек. Ал бирине жакса, бирине жакпайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости