www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйыны өтөт. Анда эл аралык жана аймактык коопсуздук боюнча маселе каралат. Күн тартибинде жалпы жонунан 21 маселе бар.

Жыйындын жүрүшүндө бир катар документтерге, анын ичинде уюмдун 2020-жылга карата бюджети бекитилет.

Президенттин аппаратынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун маалыматына караганда, ЖККУнун жыйынына Беларус президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын башчысы Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана КМШ аткаруу комитетинин аткаруучу катчысы Сергей Лебедев катышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости